AUCA the best 2

2025-02-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Саясат

Мурдагы экология министри Динара Кутманова кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Динара Кутманова кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.

Динара Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 млн 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 млн 568 миң сом берилген.

Ошондой эле каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Динара Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Учурда кармалган экс-министр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Интервью

 

Жаңылыктар

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи

СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2