2024-12-21
Пикир
Камакка алынган Ахрор Иминов тууралуу фактылар
Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевич уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалганын УКМК билдирди.
Тактап айтканда, Иминов кримтөбөл болгон Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаган деп айыпталууда. «Ал жүк ташуу менен алектенген бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына салык ("дань") чогултууга катышкан», - дейт УКМК. Иминов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал тууралуу эмне белгилүү?
Иминов 36 жашта. Ал 1987-жылы 14-июнда Ош шаарында туулган. 2020-жылы «OGOGO Group» жоопкерчилиги чектелген коомун жана 2021- жылы "Маалымат технологияларын өнүктүрүү фонду» коомдук фондун негиздеген.
Ата-энеси Иминовдор. • Хикматилла жана Азиза
Хикматилла Иминов 90-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1998-2000- жылдары Ош облусунда салык инспектору болуп иштеп, андан кийин бир жыл Бишкек шаарынын борбордук казыналыгында эмгектенген. 2 жыл Улуттук банкта бөлүм башчы кызматын аркалаган. 2002-жылы каржы министринин орун басары болгон, бирок ошол эле жылы кызматтан кетип, кайрадан жеке ишкерлик менен алектенип баштаган. Хикматилла Иминов 2013-жылы көз жумган.
Социалдык тармактагы маалыматтарга таянсак, Ахрор Иминовдун Аброр аттуу бир тууган агасы бар.
Ахрор Иминов Ош шаарындагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназияда, Англиядагы Ньюкасл университетинде "Бизнес жана менеджмент" факультетинде, Кыргызстандагы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуган. Эл аралык фонд биржасында онлайн-брокер болуп иштеген.
2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келет.
2019-жылы октябрда «Кыргыз Республикасындагы чет элдик студенттердин союзу» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болгон.
2020-жылы «Кыргызстан» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Үгүт учурунда Иминов 2010-жылдагы Июнь окуяларына айыпталган Кадыржан Батыровдун тууганы эмес экенин билдирген.
Ошондой эле Ахрор Иминов спорт тармагындагы көп иштерге демөөрчүлүк көрсөтүп, жардамын аябай келген.