AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Мектеп

Социалдык тармактарда видео-контентти кантип түзөбүз?

Видео-бул тренд. Буга маркетологдор да, smm-адистер да, таргетологдор да макул болот десек жаңылышпайбыз. 2021-жылы интернет айдыңынын 80% тасмалардан гана туруп калат деген божомолдор бар. Андан сырткары, видео – социалдык тармактардын лентасынын “акылдуу” материалдары эсептелет: видео-посттор лентанын алдыңкы линиясына чыгат жана сүрөткө караганда көбүрөөк реакция топтойт.

Түз эфир

Адистердин 2021-жылы видео-контенттин 13 пайызын түз эфирлер түзүп каларын айтышат. Учурда бул формат бардык социалдык тармактарда кошумча тиркемелердин жардамысыз иштей алат. Бир канча жыл мурда түз эфирлер жүргүзүлгөн баракчалар абдан популярдуу болсо, азыр колдонуучулар анын сапатына көбүрөөк көңүл бура башташты. Түз эфирге чыгаар алдында, үн жана тасманын сапатына көңүл бурууңузду кеңеш берет элек. Түз эфирди окуя болгон жерден жүргүзгөн оң жана аудиторияга алдын-ала маалымат берип койгон дурус.

Слайдшоу / Stopmoshion

Жадагалса, жөнөкөй сүрөттөрдү да видеого айлантып жүрөбүз. Сүрөттөрдү бир топтомго бириктиргенде слайдшоу түзүлөт. Ага музыка жана кадр сыртындагы текстти кошуп койсок болот. Мындай ыкма керектүү тасма жок учурда пайдаланылат. Ошондой эле, слайдшоунун жардамы менен Stopmoshion стилиндеги түрдүү роликтерди жаратса болот. Бул формат Инстаграмдын лентасына жарашыктуу.

Сториз

Сториздеги тасма эң көп дегенде 15 секунданы түзүп, 24 саттын ичинде жеткиликтүү болот. Бул формат дагы Инстаграмда популярдуу. Бул тармакта сториздеги видеолорду “Актуалдуу” лентасына кошуп, сактап алса болот. Вконтакте жана Фейсбукта мындай форматтагы тасмалар эми гана популярдуулукка жетүүдө. Айрым колдонуучулар сторизде өзүнүн бир күндүк кылган жумуштары тууралуу ой бөлүшөт. Андан сырткары, эсте калаарлык көз ирмемдерди жүктөшөт. Ар кандай фильтр жана эффекттерди колдонууну унутпаңыз.

Вайн

Социалдык тармактарда бир канча жылдан бери “вайндар” абдан популярдуу болууда. Бул кыска, күлкүлүү тасмалар. 30 секундадан 1 мүнөткө чейин созулат. Бул формат алгач Vine сервисине жүктөлүп баштагандан ушундай аталышка ээ болуп калган. Убакыттын өтүшү менен социалдык тармактарда кеңири колдонула баштаган. Мындай тасманын негизги артыкчылыгы: күлкүлүү, түшүнүктүү жана кыска.

Титр коюлган тасмалар

Бул формат мобайл десктоп менен атаандаша баштаган учурда пайда болгон. Видеону үнүн кошпой туруп да көрсө болот, ошондуктан адистер бул форматты “ыңгайлуулук” үчүн жаралган деп айтышат.

Таймлайпс / Fast

Формалдуу түрдө таймлайпс менен Fast бир аз айырмаланат. Биринчи формат – бул сүрөттөрдүн ыргагы. Экинчиси – ылдамдатылган тасма. Кандай болгон күндө да, эки түшүнүк дагы тасманын ылдамдатылган түрү деп эсептелет.

Тескери тасма  / Reverse

Жөнөкөй бирок абдан өзгөчө формат. Reverse эффектисинин жардамы менен аудиторияны таң калтыруу мүмкүн. Тасманын тескери айланышы – кызыктуу контентти түзүүгө жардам берет. Аны Efectum тиркемесинин жардамы менен сапаттуу жасап алууга болот.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2