AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Мектеп

Медиа дүйнөсү тууралуу тартылган тасмалар

"Керээз" медиа дүйнөсү тууралуу тартылган тасмалардын тизмесин сунуштайт. 

“Жаңылыктар кызматы” (сериал)

Сериалда жасалма, ойдон чыгарылган ACN (Atlantis Cable News) жаңылыктар каналынын кызматкерлеринин күнүмдүк жашоосу чагылдырылган. Уилл Макэвой – кечки жаңылыктардын популярдуу алып баруучусу. Бирок, каналдын жетекчиси Чарли Скиннер жаңылыктар шоусун жаңылоого киришет. Скиннер аткаруучу продюсердин кызмат ордуна тажрыйбалуу продюсер Маккензи Макхейлди дайындайт. Ал өзү менен кошо бир катар жаңы кызматкерлерди алып келет. Маккензи “чыныгы” шоу жасоого киришет. Иш жакшы башталат. Бирок, Макэвой айрым саясатчылардын дарегине орунсуз сөздөрдү айткандан соң, каналдын рейтинги түшө баштайт.

“Түнүңөр бейпил болсун жана ийгилик”

Тасма 1953-жылы АКШда болгон окуянын негизинде тартылган. Белгилүү радио – тележурналист Эдвард Мэрроу таасирдүү сенатор-антикоммунис Жозеф Маккартиге каршы чыгат. АКШ менен СССРдин ортосундагы “муздак согуш” учурунда Маккарти “Антиамерикалык ишмердүүлүк боюнча комитеттин” деми катары СССРдин агенттеринин изине түшүп, өзүнүн кажырдуулугу, беттегенин бербеген мүнөзү менен таанылат. Мэрроу жана анын тарапташтарынын пикиринде, Маккарти америкалыктардын укуктарын бузуп жүргөн. Жетекчиликтин жана таасирдүү саясатчылардын бут тосууларына карабай, журналист айтканынан кайтпайт. Жыйынтыгында, ал Маккартини кызматтан кетирет. Бирок, журналисттик иликтөө абдан татаал кырдаалда жүрөт.

“Фрост Никсонго каршы”

АКШ, 1977-жыл. Уотергейтстеги тирешүүдөн 3 жыл өтүп, АКШнын экс-президенти Ричард Никсон британиялык телеалыпбаруучу Дэвид Фростко интервью берүүнү чечет. Бирок, интервью эл күткөн маанайда болбой калат.

“Кейн мырза”

Тасма Чарльз Фостер Кейндин өмүр баяны, тагыраак айтканда чыныгы медиамагнат – Уильям Рэндольф Хёрст тууралуу тартылган. Ал америкалык медиамагнат, Hearst Corporation холдингинин негиздөөчүсү болгон. Хёрст жаңылыктар индустриясын куруп, ушак жана скандалдардын эсебинен байып кетүүнү көздөйт. Тасмада журналисттик иликтөөлөр байма-бай көрсөтүлөт.

“Журналист”

Аникина аттуу жарандын жазган каттарындагы кайрылууларды иликтөө үчүн жаш жана ийгиликтүү журналист белгисиз шаарга жол алат. Бул ишти ал катардагы, күнүгө аткарып жүргөн иликтөө катары кабыл алса, окуя болгон жерге баргандан кийин баары өзгөрөт. Ал абдан чоң жоопкерчиликти сезе баштайт.

“Стивен Гласстын калпы”

Бул жаш журналист Стивен Гласстын баяны. 90-жылдардын ортосунда ал өз өлкөсүндө алдыңкы журналист болууга жетишет. Стивен баш айланткан карьера курат. Бирок, ал чындыкты жаздыбы? Журналисттин айланасында чоң тирешүү башталат: анын материалдарынын жалганы чыгып калат. Стивендин маалыматты бурмалап, өзүнүн оюнан чыгарып жазып жүргөнү ачыкталат. Мунун айынан, журналист өзүнүн сүйүктүү жумушу менен коштошууга туура келет. ..

“Профессия: репортёр”.

Түндүк Сахара жөнүндө материал жазуу оңой иш эмес. Журналист Дэвид Локк эргүү табалбай турган учуру. Кычагандай, кошуна номерде жашаган киши каза болуп калат. Журналист бул окуяны өзүнүн пайдасына колдонуп кетүүнү чечет. Ал маркумдун паспортуна өзүнүн сүрөтүн чаптап, буюмдарын уурдап алып, саякатка чыгат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2