AUCA the best 2

2025-10-30

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Мектеп

Блогерлер жана жарандык журналисттер тууралуу тартылган тасмалар

Блогерлер жана жарандык журналисттер тууралуу тартылган бир канча тасмалардын тизмесин сунуштайбыз.

"Чоң оюн” (State of Play, 2009)

АКШнын конгрессменинин колунда иштеген жаш кыз метронун алдына боюн таштайт. Конгрессмен окуяны жүрөгүнө абдан жакын кабыл алып, камеранын алдында көзүнө жаш алат. Бул иш боюнча Капитолийдеги жашоо тууралуу жазып жүргөн блогер Делла Фрай изилдөөчү журналист Кэл Маккэффериге жолугат. Жаш журналисттин өлүмүн изилдеп жүрүп, Маккэффри Американын жогорку саясий кутумдар тууралуу кулагы чалат.

“Гонзо: Хантер С. Томпсондун коркуусу жана жек көрүүсү”

Бул тасма белгилүү жазуучу, чагымчыл жана гонзо-журналистиканын жактоочусу Хантер Томпсон тууралуу тартылган. Томпсон көпчүлүккө “Коркунуч жана жек көрүү” романы аркылуу таанылуу. Кийинчерээк, бул чыгарманын негизинде фильм да тартылган. Биографиялык тасма журналисттин жашоосундагы маанилүү жана чечүүчү бурулуштар жөнүндө баяндайт: Rolling Stone журналындагы эмгек жолун, “Тозоктун периштелери” аталышындагы кылмыштуу топ менен болгон байланышы, Аспен шаарынын шерифи болууга умтулуусу, 1972-жылы сенатор Жорж МакГовердин президенттик кызматка ат салышкан шайлоо компаниясындагы ишмердүүлүгү. Тасмада Хантердин өмүрү тууралуу анын жакын санаалаштары, сүрөтчү Ральф Стэдман, ошондой эле Жонни Дэпп ой бөлүшкөн. Эскерте кетсек, Жонни Дэпп “Лас-Вегастагы коркунуч жана жек көрүү” фильминде башкы ролду жараткан.

“Америкалык блогер”

Блогер, фотограф жана кинорежиссёр Кристофер Вигенддин даректүү тасмасы. Ал камерасы менен Американын бүт аймактарын кыдырып чыккан. Кристофердин бир гана максаты: адамдын үнү жана пикири канчалык күчкө ээ экендигин көрсөтүү болгон.

“Дээрлик белгилүү”

Жөнөкөй эле жигит эң белгилүү “Роллинг Стоун” музыкалык журналынын кабарчысы болуп иштеп калат. Жумушунун алгачкы күндөрүндө ал “Стиллуотер” тобу менен гастролго чыгат. Бул турнеде ал укмуштуудай окуяларга туш болот.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2