AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

“Кеч болсо да берилиши керек!”. Коомчулук Болот Шамшиевге КРдин Баатыры наамын берүү керектигин билдирүүдө

“Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын бири, кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, КРдин жана СССРдин эл артисти, залкар инсан Болот Шамшиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилиши керектигин коомчулук билдирүүдө.

Бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралып, колдонуучулар Болот Шамшиевдин маданият үчүн кылган зор эмгегин эске алып, ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы кеч болсо да берилиши керектигин жазып калтырышууда. Болот Шамшиев бул наамга татыктуу экендигин аттуу-баштуу маданият кызматкерлери да өз интервьюларында белгилешүүдө.

Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын Президент Сооронбай Жээнбеков өзү да баса белгилеген.

Чыгаан режиссёр Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрь күнү 79 жашында дүйнө салды.

Болот Шамшиевдин режиссёрлук эмгектери кыргыз киносунун алтын фондунда сакталуу.

Режиссёр 1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 

Болот Шамшиев 1965-жылы “Манасчы” даректүү тасмасын, 1965-жылы “Караш-Караш окуясы”, 1972-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”  көркөм фильмдерин тартат. 1975-жылы тарткан “Ак кеме” тасмасы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1980-жылы “Эрте келген турналар” жана 1984-жылы “Бөрү зындан” көркөм тасмаларды тарткан. 

Эгемен Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1998-1999-жылдары Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болуп эмгектенген. 2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы башкы консулу болуп иштеген. 

Болот Шамшиев 1996-жылы көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал тай казанды ойлоп тапкан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип “Көк бөрү” деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2