AUCA the best 2

2025-10-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Аида Касымалиева Болот Шамшиевге КРдин Баатыры наамын берүүнү сунуштады

Вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңеште белгилүү кинорежиссёр, КРдин жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүүнү сунуштады.

Бул социалдык тармактарда да кызуу талкууга алынды. Колдонуучулар Болот Шамшиевдин маданият үчүн кылган зор эмгегин эске алып, ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы кеч болсо да берилиши керектигин жазып калтырышууда. “Кыргыз кереметинин” жаратуучуларынын бири болгон Болот Шамшиев бул наамга татыктуу экендигин аттуу-баштуу маданият кызматкерлери да өз интервьюларында белгилешүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын баса белгилеген.

Чыгаан режиссёр Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрь күнү 79 жашында дүйнө салды.

Болот Шамшиевдин режиссёрлук эмгектери кыргыз киносунун алтын фондунда сакталуу.

Режиссёр 1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 

Болот Шамшиев 1965-жылы “Манасчы” даректүү тасмасын, 1965-жылы “Караш-Караш окуясы”, 1972-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”  көркөм фильмдерин тартат. 1975-жылы тарткан “Ак кеме” тасмасы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1980-жылы “Эрте келген турналар” жана 1984-жылы “Бөрү зындан” көркөм тасмаларды тарткан. 

Эгемен Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1998-1999-жылдары Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болуп эмгектенген. 2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы башкы консулу болуп иштеген. 

Болот Шамшиев 1996-жылы көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал тай казанды ойлоп тапкан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип “Көк бөрү” деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2