2024-12-21
Маданият
Болотбек Шамшиевдин абалы оорлошту
Кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, СССРдин эл артисти Болотбек Шамшиевдин абалы оор. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатканын анын жакындары кабарлады.
Болотбек Шамшиев мындан 3 жума мурда Президент жана өкмөттүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына дарыланууга жаткан.
"Ооруканага жаткандан бери абалы туруктуу болчу, 3 күн мурда абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бүгүн атайын консилиум болуп, мындан аркы дарылоо стратегиясы каралды", - деп билдирет Сүйүтай Шамшиева.
"Консилиумда дарылануу стратегиясы иштелип чыкты жана мындан ары кандай чаралар көрүлөрүн аныктадык. Кийинки консилиум келе жаткан бейшемби күнү болот", - деп билдирди уулу Чынгыз Шамшиев.
Болотбек Шамшиев быйыл 79 жашка чыкты.