2024-12-21
Маданият
"Жөө күлүк" тасмасы Кореяда ийгилик жаратты
Кыргызстандын режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" фильми Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы эл аралык кинофестивалда кино сынчылардын сыйлыгына — ФИПРЕССИге ээ болду.
Пусандагы кинофестивалдын алкагында ФИПРЕССИнин калыстар тобунун мүчөлөрү Премчанд Поттангади (Индия), Илейн Герини (Бразилия) жана Сео Кок-Сук (Түштүк Корея) сыйлык режиссерго "баланын көз карашы менен көйгөйдү чеберчиликте бергени" үчүн тапшырылды дешти. Абдыкалыков эми "Жөө күлүктү" Германияда өтө турган Schlingel деп аталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн эл аралык кинофестивалына алып бармакчы. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Жөө күлүк" фильминин дүйнөлүк премьерасы болгон. Режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.