2024-11-09
Маданият
"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет
“Эко Деми” коомдук фонду, БААУнун Инновациялык колледжи “Жер Эне” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы сегиз мектепте таштанды чогултуу маданиятын жайылтуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет.
1-11-класстар арасында таштандыны сорттоонун маанилүүлүгү боюнча тренингдер өтүлүп, ар бир класста макулатурага атайын урналар коюлуп, жалпы коридорго макулатура, пластмасса жана айнек чогултууга көлөмдүү цистерналар орнотулат. Ошондой эле маалымат тактайлары илинип, колдонулган батарейкаларга урна коюлат.
Чогулган таштанды кайра иштетүүгө жиберилип, колдонулган батарейкалар утилизацияланат.
Жогорудагы мектептерде 15-апрелден 15-майга чейин таштанды чогултуу боюнча сынак жарыяланып, топтолгон көлөмүнө жараша жеңүүчүлөр аныкталып, проектор, принтер, интерактивдүү такта жана башка ушул сыяктуу сыйлыктар ыйгарылат.