2024-10-14
Маданият
Назарбаев жеке сүрөт көргөзмөсүн ачаарын билдирди
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жеке сүрөт көргөзмөсүн өткөрө турганын билдирди.
"Көп убакыттан бери кыялданып жүрөм. Май боёк менен пейзаж тартып жатам. <...> Музейге койсом деп пландап жатам. Ага 30дан ашык эмгек керек дешет. Мен тарткан сүрөттөрдүн саны 30дан көп”, - деди Назарбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал белгилегендей, сүрөт тартуу менен алектенүүгө буга чейин убакыт тар болгон. “Мен тарткан сүрөттөр шедевр деп айта албайм, бирок досторум, тааныштарым абдан сурап жатышат. Мен аларга күтө тургула дедим. Сүрөттөрдү акырына чейин тартып бүтөйүн, көргөзмөгө коём, андан соң алсаңар болот, - деп белгилеп кетти Назарбаев.
“Мен азыр бош убактымда китеп окуп жатам. Саясий адабияттан сырткары дүйнөлүк көркөм чыгармаларды да калтырбай окууга тырышып жатам. Үйдө китептерим абдан көп. Мисалы, учурда Ремаркты окуп жатам. Анын чыгармалары чыныгы жашоону чагылдырып, абдан кызыктуу. Жаш кезимде окуганымда, көп нерселерге маани берген эмес экенмин. Азыр таптакыр башкача көз караш менен окуп жатам. Андан сырткары, Бальзак, Толстойдун чыгармаларын берилип окуйм”, - деди Нурсултан Назарбаев.