AUCA the best 2

2024-05-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

"Бир алкак - бир жол" даректүү тасмасынын премьерасы болду

Бүгүн Бишкекте "Бир алкак - бир жол" даректүү тасмасынын премьерасы болду. Фильм «Бир алкак - бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналып тартылган. Иш-чарага Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев жана тиешелүү тармактардын адистери катышты.

Ду Дэвэнь айым өз сөзүндө "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында аткарылып жаткан иш-аракеттерди белгилеп өттү.

"Быйыл "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизделгенине 10 жыл болот. Бул аралыкта кытай демилгеси эл аралык практикага айланып, жемиштүү иштер аткарылды", - деди элчи айым.

Элчи айым бүгүнкү күндө кыргыз-кытай кызматташтыгы жаңы тарыхый баскычта экендигин белгиледи:

"Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында жүрүп жаткан кыргыз-кытай курулуштары эки өлкө элине пайдасын берип, мындан ары кызматташтыгыбыз өнүгөт деп ишенем", - деди Ду Дэвэнь.

Тилек Текебаев: "Бул тасмадан "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында аткарылган иш-аракеттердин купулга толгон натыйжасын көрдүк. Бул демилге транзиттик коридорлорду түзүп, транспорттук каттамдарды жакшыртып, кызматташтыкты тереңдетип, катышкан мамлекеттерге жакшы өбөлгө түздү", - деди министр мырза.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эзелтен бери келе жаткан коңшулук мамилелер бүгүнкү күндө да өнүгүп келе жатканын КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө белгиледи:

"Биздин кызматташтык ар тараптуу жана өлкөнүн турмушунун бардык тармактарын камтыйт. Маданият тармагындагы кызматташуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Жыл сайын эки элдин ынтымагын бекемдеген программалар жана долбоорлордун саны өсүп жатканы кубантат”, - деди Эсенгул уулу.

Ал эми УТРКнын башкы директорунун орун басары Адыл Акжол уулу эки өлкө ММК тармагында ийгиликтүү кызматташып жатканын билдирди:

“ММК чөйрөсүндөгү кыргыз-кытай мамилесине токтолсок, акыркы жылдары контент алмашуу ийгиликтүү жүрүүдө. Бул мыкты коңшулуктун, достуктун жана кызматташтыктын белгиси. Кыргыз-кытай алакасы мындан ары да жакшы нукта өнүгө берсин!” – деди Акжол уулу.

“Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында тартылган даректүү тасма Кытай менен Кыргызстандын акыркы он жылдагы “Бир алкак - бир жол” курулушундагы жетишкендиктерди ачык чагылдырган. Беш эпизод инфраструктуралык курулуш, экономика жана соода, транспорт, айыл чарба жана маданият тармагындагы кызматташтыкты камтыйт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2