AUCA the best 2

2024-05-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Акылбек Жапаров: Кыргыз киносунун алтын доорундагы тасмалар менен сыймыктанабыз

«5-6 жылдын ичинде, кыргыз киносунун жана көркөм сүрөт искусствосунун шедеврлерин жараткан 1960-70-жылдардагы доор кайталанып, кыргыз маданиятынын экинчи ренессансы болот деп үмүттөнөбүз. Бүгүнкү күндө кыргыз киносу жаңылануу мезгилин башынан өткөрүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык биринчи кинофестивалынын ачылыш аземинде.

Ал белгилегендей, маданий дипломатия-Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Эл аралык Бишкек кинофестивалы Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө көмөктөшүп, өлкөбүздү эл аралык деңгээлде тааныткан маанилүү иш-чара болуп саналат.

«Кыргыз кинематографиясынын тарыхы жана салттары терең. Ал 1960-1970-жылдары «Кыргыз керемети» деп аталган өзүнүн гүлдөгөн учурун башынан өткөргөн. Кыргыз киносунун алтын доорундагы тасмалар менен сыймыктанабыз. Бул кинофестиваль дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналганы Кыргыз Республикасы үчүн чоң сыймык. Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун киного кошкон салымын сыймыктануу менен белгилейбиз. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы, 2022-жылы маданият, спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына 5,1 миллиард сом, 2023-жылы 7 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын ичинен 4 миллиард сом маданият тармагына, 348,8 миллион сом кино жаатына бөлүнгөн. Ошондой эле, КР Президентинин жарлыгы менен маданият тармагына резервдик фонддордон 670 млн сом бөлүнгөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2