AUCA the best 2

2025-02-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Антальянын Муратпаша муниципалитетинин аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта кыргыздын чыгаан жазуучусу атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду.

Китепкананын ачылышына элчи Руслан Казакбаев, башкы консул Рустам Кошонов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Анталья облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат, Антальянын Муратпаша муниципалитетинин мэри Үмит Уйсал, “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” Эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти Динара Жумабаева, Анталья шаарындагы Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Анталья шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери жана өкүлдөрү, академиялык коомчулуктун, бизнес чөйрөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мекендештер жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Иш-чара Кыргызстандан келген акындардын айтышы менен башталып, ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү менен уланды.

Элчи Руслан Казакбаев сөз сүйлөп, бардык чогулгандарды маанилүү окуя менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун улуулугун баса белгиледи.

Андан тышкары, элчи китепкананын ачылышы түрк элинин жазуучуга болгон терең урмат-сыйынын бир көрүнүшү экендигин айтты.

Ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы китепкана маанилүү маданий борборго айланып, өз өлкөсүнө, элине берилген муунду тарбиялоого көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюстун ачуу аземи да болду. Бюстун калыбына келтирүү долбоору Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун демилгеси менен Аланиядагы мекендешибиз Венера Кожоеванын көмөгү менен ишке ашырылган.

Иш-чаранын урматына парктын аймагында улуттук боз үй орнотулуп, анда конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Башкы консул Рустам Кошонов жетектеген Кыргыз Республикасынын Антальядагы Башкы консулдугу Муратпаша райондук мэриясы менен биргеликте бир жыл бою китепкананы ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иш алып барды.

Элчилик жана Антальядагы Башкы консулдук бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгына терең ыраазычылык билдирет. Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий алмашуу жана өз ара түшүнүшүү борбору болуу максатын көздөйт жана ар бир адамга Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи

СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2