AUCA the best 2

2025-10-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Бишкекте дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 3-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Мюнхендеги дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өттү. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана Асанкан Жумакматовдун жакындары катышты.

Салтанаттуу кечени Кайрат Иманалиев ачып, Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде белгилөө боюнча КР министрлер кабинетинин токтому чыкканын, ага ылайык жыл ичинде атактуу дирижердун 100 жылдыгына байланышкан бир катар маанилүү иш-чаралар өткөнүн белгиледи.

Ал эми Сүйүнбек Касмамбетов КР Эл жазуучу Чыңгыз Айтматов өз учурунда Асанкан Жумакматовду “Классикалык музыканын падышасы” деп таамай айтканын белгилеп, А. Жумакматовдун өмүр чыграмачылыгы, нарктуу жолу тууралуу сөз кылды.

Андан соң иш-чара А. Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри жана К. Орозовдун атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосундагы концерт менен уланды.

Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусу менен Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата Оркестр коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өткөн. Жакында эле А. Жумакматовдун туулуп-өскөн айылында анын 100 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарасы болуп өттү. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда А. Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган концерт- конференция уюштурулду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2