AUCA the best 2

2024-11-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Бишкекте жети акенин масштабдуу портреттери көрсөтүлөт

2023-жылдын 28-октябрь күнү Бишкек шаарында XVIII-XIX-XX-кылымдарда көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар - жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип, өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы жети портрети "7" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Иш-чара 28-октябрда Улуттук тарых музейинде өтөт. Саат 15:00дө башталат. Ага КРдин мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович катышат.

 “Жети” сүрөт көргөзмөсүнүн экспонаттары айтылуу жети акенин элестери түшүрүлгөн картиналар. Портрет жанрында аткарылган, реализм жана импрессионизм ыкмалары менен жазылган чыгармалардын автору - КРдин сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, көптөгөн эл аралык жана жеке көргөзмөлөрдүн катышуучусу Абазбек Апиев.

Көргөзмөнү Каракол шаарынын мэриясы КРдин сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көлдөгү филиалы уюштуруп жатат.

Көргөзмөнүн максаты – жалпы коомчулукка, өзгөчө жаш муунга кыргыз улутунун тарыхында маанилүү орду бар жети аке феноменин, анын баалуулугун чагылдыруу жана жаюу, ошондой эле бул феноменди Ысык-Көл облусу менен гана чектебестен жалпы улут байлыгы катары баалоого үндөө.

“Жети” көргөзмөсү Каракол шаарындагы  жети орто мектепке акелердин ысымдары ыйгарылып, портреттер мектептерге белекке өткөрүлүп берилмекчи.

Белгилей кетсек, портреттердин автору Абазбек Апиев КРдин сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРдин сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С.Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана КГУСТА университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы орчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырган “Ыйык аманаттар” чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган. 

Байланыш үчүн: Абазбек Апиев - @abaz_paints, 0 702 67 86 73

Интервью

 

Жаңылыктар

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

БААУга тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк - соңку сынактар ачык

АУЦА и Университет Аризоны предлагает летний курс

На Иссык-Куле прошел международный бизнес-форум ОТГ

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстанда эл аралык бизнес форум уюштурат

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2