AUCA the best 2

2025-10-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Өзбекстандын Сырдарья облусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Сырдарыя облусунун Сардоба районундагы №18 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата адабий-агартуу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Сырдарыя облусунун Кыргыз улуттук маданий борборунун төрайымы, Өзбекстан Олий мажлисинин депутаты Надира Жонибекова маалымдады.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын бүт дүйнө сүйүп окуп жатат. “Окуучуларыбызды дүйнөгө таанымал жазуучунун чыгармаларына, басып өткөн жолуна карап тарбияласак, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо турган инсандарды тарбиялайбыз деп ойлойм. Чынында эле өзүнүн философиялык көз караштары менен түрк жана дүйнөлүк адабиятка татыктуу салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жогору баалоого татыктуу. Жазуучунун экинчи өмүрү ал жараткан аңгемелерде, романдарда уланат”, - дейт Жонибекова.

Иш-чарада эмгек ардагерлери жана устат педагогдор катышуучуларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу кеңири маалымат беришти. Тактап айтканда, мектеп директору Марварид Кенжаева, курбу-курдаштары менен жаш кездеринде Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” “Ак кеме”, “Кызыл жолук жалжалым” сыяктуу сыяктуу чыгармаларын зор кызыгуу менен окуп, ошол чыгармалардагы каармандардын таасири менен чоңойгондорун баса белгиледи.

“Анын сыңарындай биздин мектеп окуучулары Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын китепканадан окуп, керектүү маалыматтарды алып, турмушта керектүү сабактарды алып чоңоюшууда. Чыңгыз Айтматов президент Шавкат Мирзиёев айткандай, өзбек элинин эң жакын досу болгон. Балдарыбыз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганда өзбек эли кыргыз эли менен бирге кылымдар бою ынтымактуу, бир тууган эл болгондугун эстешет”, - деген оюн билдирди Кенжаева.

Облустук музыкалык драма театрынын артисттери, мектеп окуучулары жана райондун «Жан Жанай» кыргыз фольклордук ансамблинин оюн-зооктору, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган сахналык көрүнүштөр көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.

Эскерте кетсек, Надира Жонибекова 2019-жылы Өзбекстандын Олий мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп шайланган этникалык кыргыздардын өкүлү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2