AUCA the best 2

2024-05-03

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

QARASH LAB: алты өлкөнүн киночулары Бишкекте чогулат

27-30-октябрь күндөрү Бишкекте Qarash Lab кино лабораториясы өтөт. Иш-чарага АКШ, Франция, Корея, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын киночулары чогулуп, тажрыйба алмашышат. QARASH LAB кино лабораториясынын максаты - кино өндүрүшүн, бизнести жана башкарууну бириктирүү; жаш кинорежиссерлордун ишин колдоо жана жайылтуу; кинопродукцияны жаратууга катышкан бардык кесиптердин маанисине жана зарылчылыгына көңүл буруу.

Иш-чара 5-октябрда башталат, ага белгилүү орусиялык режиссер, продюсер жана актер Алексей Агранович, Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival директору Асел Шер-Нияз жана башка ийгиликтүү кинорежиссерлор келет.

QARASH LAB кино лабораториясынын салтанаттуу ачылышы 27-октябрда борбордук “Ала-Тоо” кинотеатрында болот.

Qarash Lab кино лабораториясынын алкагында белгилүү кыргыз жана чет элдик кинорежиссерлордун тасмаларынын эксклюзивдүү премьерасы жана ретроспективдүү көрсөтүүлөрү болуп, кино жаратуучулар жана белгилүү киноэксперттер менен чыгармачылык жолугушуулар жана талкуулар менен коштолот.

27-октябрда саат 19:00дө белгилүү кинорежиссер Динара Асанованын “Жигиттер” кинолабораториясынын тасмасынын ретроспективдүү көрсөтүүсү болот. Тасмадан кийин кино адистери менен жолугушуу жана талкуу болот.

28-октябрда саат 19:00дө көптөгөн дүйнөлүк фестивалдардын лауреаты, казакстандык жаш режиссер Айсултан Сеитовдун “Каш” тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин режиссер жана кино эксперттер тасмадагы образдарды талкуулашат.

29-октябрда саат 19:00дө режиссер Дальмира Тилепбергенова тарткан “Белек” көркөм тасмасынын улуттук бет ачары болот. Тасманын атайын көрсөтүлүшү 2023-жылдын 31-августунда 80-Венеция Эл аралык кинофестивалынын Venice Production Bridge алкагында өттү. Тасмадан кийин продюсер жана киноэксперттер  менен жолугушуу жана талкуу болот.

30-октябрда саат 15:00дө режиссёр Матье Вадепиед, сценарист Оливье Демангел жана продюсер Омар Си тарткан “Ата жана бала” тасмасы көрсөтүлөт. Аталган тасма 2022-жылы Канн кинофестивалынын “Особый взгляд” сыйлыгын жеңген.  Тасмадан кийин режиссер жана сценарист менен жолугушуу, талкуу болот.

Бардык көрсөтүүлөр 80 жылдык тарыхы бар “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт.

28-29-октябрда спикерлердин киноплатформалары, тасмалардагы башкы ролдор тууралуу талкуулар жана презентациялар, ошондой эле сынакка катышуучуларды тандоо болот. Бул кино өндүрүштүк бөлүмдөрдүн жана кинематография секторлорунун өкүлдөрүнүн талкуулары, спектаклдери, мастер-класстары, лекциялары жана семинарлары камтылган параллелдүү кеңири программа. Иш-чара БААУнун имаратында өтөт.

Борбордук Азиядагы Америка университети - 1993-жылы негизделген жана Борбордук Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн болочок лидерлерди тарбиялоочу эл аралык, көп дисциплинардык билим берүү мекемеси.

Төрт күнгө созулган иш-чара 30-октябрда Асанкан Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин концерти менен аяктайт. Концерт Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында башкы дирижер Рахатбек Осмоновдун жетекчилигинде өтөт. Концерттин жүрүшүндө кинодолбоор сынагынын жеңүүчү командасы аныкталат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2