2024-12-14
Маданият
"Оймо" эл аралык фестивалы Караколдо өтөт
"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 13 жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.
8-12-январь аралыгында Караколдо биринчи ирет "Оймо — кыш 2020" фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чарага усталар, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, туристтер, жергиликтүү тургундар жана башкалар катышат.
Фестивалдын максаты - Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.
Программага ылайык, мастер-класстар, Кыргызстан менен Борбор Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Ошондой эле кыргыздардын, дунгандардын жана орустардын "элдик тез татымдары" коюлат.
Иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыка-драмалык театрында өтөт.
"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.