2024-12-21
Коом
Элдик тандоо: Жеңишбек Жоробеков мыкты милиция башчысы деп табылды
Акипресс Turmush басылмасынын окурмандарынын сурамжылоосунун негизинде ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Мыкты милиция башчысы» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. 6611 упай менен Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков алдыга чыкты.
Белгилей кетсек, бул сурамжылоо милиция күнүнө карата уюштурулган. Жыл сайын 1-ноябрда Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери кесиптик майрамын – Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүн белгилешет.