AUCA the best 2

2024-05-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Коом

Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, район акими Учкунбек Жоробаев, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов, "Эмират" эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Рахматулла Эгембердиев жана айыл тургундары катышты.

Канал 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен суу 50 %га чейин жоготууга учурап, айылда суу таңкыстыгы жаралган. Буга байланыштуу эл менен жергиликтүү бийлик аракет кылып, каналдын жарактан чыккан бөлүгүн кайра курууну пландаштырган. Демилгени  "Эмират" кайрымдуулук уюму колдоого алып, курулуш башталган.

Узундугу жалпы 20 чакырым болгон каналдын 2500 метр аралыгы кайрадан курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 14 млн 600миң сомду түздү. Каналдын курулушу менен айылдын 550 га кургап кеткен жери суу менен камсыз болот. Учурда 1 кубка жакын суу агып кирип жатат. 

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштерине көмөктөшкөн айыл жаштарына, курулушчуларды колдоп-кубаттап, жардам берген айыл тургундарына, жергиликтүү демөөрчүлөргө, “Эмират” Эл аралык кайрымдуулук уюмунун жетекчилигине жана инвестор тартууда салым кошкон жергиликтүү кеңештин депутаты Замир Сейитказиевге ыраазычылык билдирди.

"Мына ушундай ынтымак,биримдик менен каналдын курулушу бүттү. Баарыңыздарды сууну үнөмдүү жана максаттуу пайдаланууга чакырам. Касиеттүү Суу-Башы булагыбыздын суусу Кара-Булак айылын дагы да көрктөндүрүп, өнүктүрө берсин. Айылдын ынтымагы,биримдиги башкаларга үлгү болсун", - деди Абдикарим Алимбаев. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2