AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аида Чынгышбаева: Жаштыгыбыз өз колубузда

Кыргызстандагы алгачкы фейсфитнес студиясынын түптөөчүсү жана жетекчиси Аида Чынгышбаева сулуулук сырлары менен бөлүштү.

- Аида айым, Кыргызстангафейсфитнесдеген сулуулуктун жаңы стандартын алып келип жатыпсыз. Бул кандай стандарт?

- Фейс – бет, фитнес – көнүгүү деп которуп алсак болот. Бул көнүгүүлөрдү жасаганда, беттин булчуңдары ийнине келип, тери жашара түшөт. Анткени, кандын айлануусу менен зат алмашуу жакшырып, эластин, коллаген деген жаштыктын белоктору калыбына келет. Натыйжада, беттин терисинин серпилгичтик касиети кайраттанат. Фейсфитнес – беттеги бырыштарды кетирип, жашартуу үчүн багытталган табийгый ыкма. Көнүгүүлөр булчуңдардын “эске тутуусун” калыптандырып, бара-бара интуициялык деңгээлде мимикаларды көзөмөлдөп каласың. 

- Кайсыл жактан үйрөнүп келдиңиз?

- Москвадан. Биздин студияда белгилүү фейсфитнес чебери Алена Россошинскаянын автордук программасы менен көнүгүүлөр жасалат. Россошинская 15 жылдан бери фейсфитнести изилдеп, автордук программасын иштеп чыккан адис. Мен анын эл аралык академиясында окуп, фейсфитнес чебери деген наамды алып келдим. Аталган академияда АКШ, Европа жана Азиянын түрдүү өлкөлөрүнөн келип окуп кетишет экен. 

- Эмне үчүн фейсфитнес?

- Бул турмуштук зарылчылыктан келип чыкты. Жаш өткөн сайын беттин териси көбүрөөк кам көрүүнү талап кылат экен. Чекеге түшкөн бырыштар улам көбөйүп отурат. Ар бир аял жаш бойдон жүргүсү келет, алардын катарында мен дагы бырыштарды кетирүү жолун издедим. Биздеги адистер дароо эле ботокс сайдыруу же хирургиялык ыкмаларды сунушташты. Косметологдор бетимдеги сепкилди алдыруу керектигин айтышты. Бирок, бул абдан коркунучтуу. Акыры интернеттен фейсфитнести таап алдым. Бул ыкма сыноодон өткөн, тиешелүү адистердин сунушу менен иштеп жатыптыр. Эч кандай ийне сайдырбай, табийгый жол менен жапжаш болуп жүргөн аялдарды көрүп эч ойлонбой Москвага учуп кеттим. Бир айдын ичинде абдан чоң натыйжа болду. Бетимдеги бүт бырыштар жазылып, кадимкидей жашара түштүм. Кыргызстанга келип, бул сыйкырдуу ыкманы башка аялдарга үйрөтүү максатында Кыргызстандагы алгачкы фейсфитнес студиясын ачтым. Себеби биздин аялдар көбүнчө ийне сайдырып калыптыр. Ал эми косметологиялык ыкмалар узакка эффект бербейт. Демек, бизге фейсфитнес абдан керек болуп турат деген жыйынтыкка келип, студияны сентябрь айында ишке киргиздим. 

- Кардарлар келе баштадыбы? Алгачкы жыйынтыктар кандай болуп жатат?

- Азыр биринчи тайпа үйрөнүп бүтүп калды. Жеке сабак алгандар да бар. Бир тайпада 5-6 киши болот. Сабактар атайын усулдук китепчелердин жардамында өтүлөт. Биринчи күн интенсивдүү сабак эсептелип 4 саат болсо, экинчи же үчүнчү жолу кошумча ыкмаларды үйрөнүү үчүн келишет. Мен ар бир аялга бардык көнүгүүлөрдү кылдаттык менен үйрөтүп коём, андан ары үйдөн өзү жасай берет. Көпчүлүк мени жасап берет деп ойлоп жатышат, жок, мен жөн гана көнүгүүлөрдү жасоону үйрөтөм. 

- Фейсфитнестин сырларын үйрөнүүнүн баасы канча турат?

- Косметологго бир барышыбыз миң сомдун тегереги, ага бери дегенде 10 күн барат экенбиз. Косметологиялык процедуралар бетти көпкө көркөм кармап тура албайт, ошондуктан бир жылда 2-3 жолу барууга туура келет. Ал эми фейсфитнести үйрөнүп алсаң, эч качан косметолог адистердин жардамына муктаж болбойсуң. Мунун баарын эсептеп чыгып, фейсфитнестин бир курс окуусун 7 миң деп бааладык. Көнүгүүлөрдү жасоого күнүгө 15 мүнөт жумшаса болот. Бара-бара кадимки тиш жуугандай эле адат болуп калат. 

- Аймактардагы аялдарга качан үйрөтүп келесиз?

- Азыр Ысык-Көлдөн, Оштон көп жазып жатышат. Фейсфитнес ыкмасын Бишкекте жакшылап жайылтып алгандан кийин сөзсүз түрдө аймактарга барып, сабактарды өтүп келем деп турам. Филиал ачуу дагы пландарым бар.

- Автордук программа иштеп чыгуу жагын дагы ойлонуп жатсаңыз керек?

- Албетте. Багытым ошол. Андан сырткары, банка менен өзүнө-өзү массаж жасоо ыкмасын дагы акырындап киргизип жатам. Ошондой эле, келечекте лимфодренаждуу муун гимнастикасы боюнча иш алып барууну мерчемдеп турам. Бул бетке гана эмес, жалпы денеге кам көрүү ыкмасы. Алдыда фейсфитнес чеберлерин да тарбиялап, абдан кеңейтилген багытта иштесек деген максатым бар. Акырындык менен биз ийне процедураларынан баш тартышыбыз керек. Анткени, ал убакыт өткөн сайын беттин кунарын кетирет. Ал эми фейсфитнес – аялдардын сулуулугуна өмүр бою кам көрүүчү ыкма. Демек, жаштыгыбыз өз колубузда! 

- Маегиңизге чоң рахмат! Ийгилик!

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2