AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Аида Касымалиева: Элге жасаган эмгек түбөлүккө эскерилип кала берет

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Керээз" журналына жана маалыматтык сайтына берген интервьюсу.

- Учурда Кыргызстандагы кайсы көйгөй жүрөгүңүздү өйүп турат?

- Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ар кандай окуяларды башынан өткөрдү. Ошол эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдан бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келген көйгөйлөр четинен чыгып жатат. Аларды ушул күнгө чейин чечүүнүн ордуна кийинки планга коюшуп, артка тартып келгендин кесепети бүгүн тийүүдө. Буга мисал ошол эле жол, социалдык обьектилер,  элдин турмушун жакшыртуу маселелери. Мындай көйгөйлөрдүн бардыгы биригип бүгүнкү күндө республикага чоң жүк болууда. Бирин жасайын десе экинчиси калат. Бардыгы тез арада чечилүүчү маселелер катары күндүн негизги темасына айланган. Бирок бюджетибиздин тартыштыгы 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү дароо эле чечкенге жетпейт экен. Кайсы аймакка барбайлы жүрөктү өйүгөн оор маселе көп. Ошол эле балдардын ден соолугу, эски мектептен билим алып жаткан окуучулар, айылдарда таза суунун жоктугу. 

- Элди көп аралайсыз. Аймактарга көп чыгасыз. Жарандар көбүнчө кандай маселелер менен кайрылышат? 

- Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүдөгү бирден бир максатым, элдин көйгөйүн көзүм менен көрүп аны чечүү болучу. Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда болдук. Элдер менен ар кандай форматта жолугуштук. Ачык талкуулап, ийри олтуруп түз кеңешип элдердин көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иштедим. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарына тиешелүү болгон төрт же беш гана көйгөйлүү маселе бар. Алар биринчи кезекте таза суу, мектеп, бала бакчанын жоктугу, жолдун начардыгы. Мындан сырткары басымдуу калк жөлөк пул ала албай жаткандыгы жөнүндө кайрылышат. Балдарына жөлөк пул алуудагы тоскоолдуктар, документтин көптүгү, бюрократия чындап эле элдин чоң көйгөйүнө айланып жатат. Бардыгына маалым болгондой 2017-жылы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам кабыл алынган эле. Ал мыйзамда посибия берүүнүн жол жобосу бир топ жеңилдеп, жакшы шарттар түзүлгөн эле. Бирок, ошол мезгилдеги Премьер-министр бюджеттеги акча каражаттын тартыштыгын билдирип, мыйзам толук иштебей жатып, кайра аркага чакыртып алган. Бүгүнкү күндөгү мыйзам жарым жартылай иштеп жатат. Анда “Сүйүнчү пул” калган, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө 1,5 жашка чейин “жөлөк пул” бар. Калган категориялары толугу менен кайтарылып алынган.  Бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Азыр биз “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун киргизип жатабыз. Аны талкуудан өтүп, комитеттин кароосуна чыгаруу үчүн документтер даярдалып жатат. 

- Вице-спикер болгондон кийин жашооңузда эмне өзгөрдү?

- Негизи эле депутаттардын жашоосун өзгөчө бөлүп карабаш керек деген ойдомун. Анткени алар эл тарабынан, элдин таламын талашып, өзүн шайлаган шайлоочуларына кызмат кылуу үчүн келет. Демек Жогорку Кеңештин депутаттары эл кызматчысы болушу керек. Мен депутат болгонго чейин жана андан кийин деле эл арасында кандай жүргөн болсом, азыр деле ошол бойдон элемин. Мурункудай эле кээде маршруткага түшүп, кээде автобус менен жүрөм. Ал эми экинчи жагынан албетте Төраганын орун басары болгондон кийин дагы да жумуш көбөйүп калат экен. Эң негизгиси жоопкерчилик күчөйт. Элдин алдында айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө далалат кыласың. Шайлоочулардын да талаптары көбөйөт. Жөн эле депутат болгондо кайсы бир аймак же округ менен эле чектелсең, Төраганын орун басары болгондон кийин бүтүндөй өлкөнүн көйгөйлөрүн угууга жана чечүүгө аракет кылып каласың.

- ЖКнын жыйынында кайсы көйгөйдү көп көтөрөсүз?

- Мен өзүм социалдык тармактарга көп басым жасаганым үчүн,  мамлекеттеги болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү көп алып чыгам. Мектеп, бала бакчанын курулушу, балдарга билим берүү, калкты социалдык жактан өнүктүрүү маселелерин көп көтөрөм. Жалпысынан алганда кайсы бир маселени мага тиешеси жок экен деп, трибунадан сүйлөгөндөн баш тарткан учурум боло элек. Маселенин орчундуусуна карап, элдин талаптарын ар дайым Жогорку Кеңешке алып чыгууга аракет кылам. 

- Саясатта көздөгөнүңүз эмне? 

- Жогорку Кеңештеги негизги максатым Кыргызстандагы проблемаларды чечүүгө өз салымымды кошуу. Мен эки түрдүү саясатчыларды билем. Бири - ар дайым элинин көйгөйүн чечет, экинчиси - 5 жылда бир барып элдин көңүлүндөгү сөздөрдү айтып,  жүрөгүнөн түнөк таап шайланып келет да ошол бойдон кадам таштап барбайт. Бирок, элдин жүрөгүнө жеткен жалындуу сөздөр бир күн өчөт. Ал эми эл алдында жасаган эмгектериң түбөлүккө эскерилип кала берет. Андыктан ак үйдө олтуруп, ар кандай саясий интригаларга аралашуудан көрө, эл кыдырып, баарлашып, кең пейил элдин көйгөйлөрүн чечүү мен үчүн маанилүү. 

- Кыргызстандын өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп атат деп ойлойсуз?  

- Мен биринчи кезекте баса белгилеп айта кетишим керек, Кыргызстан азыр өнүгүү жолунда. Өлкөбүз эволюциялык жол менен өнүгүп бара жатат. Буга мисал, жогоруда айтылгандай эле 30 жылдан бери чогулуп калган көйгөйлөр күндөн күнгө чечилип жатат. Аймактарды таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул үчүн чоң инвестиция тартылууда. Санариптешүү жаатында чоң иштер жасалып жатканы баарыбызга маалым. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мекемелер четинен электрондук башкарууга, электрондук тейлөөгө өтүп жатышат. Албетте, биз дүйнө жүзүн карап, анализ кылып, биз да тез аранын ичинде революциялык жол менен өнүгүп кетүүнү каалайбыз. Ал үчүн бизде шарт, мүмкүнчүлүк деле бар. Бирок, биз башка өлкөлөр сыяктуу бул кезге чейин түптөгөн электрондук базабыз жок. Бардык базаны түзүү  көптөгөн убакытты жана каражатты талап кылууда. Өлкөбүз мындан да жакшы өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте элдин аң-сезими өсүүсү керек. Анткени жаңы нерсе курса дароо талкалап, жок кылганга шашып жатабыз. Буга коопсуз шаар долбоорунун алкагында деле даана далилдерди көрдүк. Канчалаган камераларды талкалашып, өлкөнүн бюджетине чоң чыгаша болду. Элдин аң сезими, ой жүгүртүүсү жогорулаганда мамлекетибиздин өнүгүүсү да тездик менен жогорулайт. 

- Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кайсы тармактарды күчтөндүрүү керек?

- Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн, ички инвестицияларга колдоо көрсөтүп, орто жана чакан бизнестерди өнүктүрүүбүз абзел. Бизде өтө байлар жана жакыр жашагандардын ажырымы чоңоюп бара жатат. Бул албетте жакшы эмес көрүнүш. Орто жана чакан ишкерлерибиз көбөйсө ички акча каражатынын айлануусу көбөйүп, элдин жашоо шарты оңолот жана салыктардын эсебинен мамлекеттин бюджети да көбөйөт. 

- Кыргызстандан эң чоң байлыгы эмне деп ойлойсуз?

- Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө таандык болгон эң чоң байлык бул адам ресурсу. Бизде нефти, газ  жана башка жаратылыш байлыктарыбыз жокко эсе. Бирок андан да кымбат бааланган бул - адам акылы же адам ресурсу. Бизде таланттуу, акылдуу, билимдүү жаштарыбыз көп, алардын арасынан күндөн-күнгө өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалагандар көбөйүп жатат. Биз алардын башын бириктирип, туура пайдалана алсак гана мамлекетке пайдасы тиет. Болбосо, андай акылдууларды өнүккөн өлкөлөр жакшы шарттарды түзүү менен алып кетишүүдө. Биз да мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша акылдуу жаштарыбызды пайдаланып калышыбыз керек.

- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз? Оюңузду  саясаттан тыныктырасызбы? 

- Бизде негизинен бош убакыт деле боло бербейт. Дем алыш күндөрү да аймактарга жолугушууга чыгып кетем. Бирок, эрте менен таң эрте Эркиндик сейил багында кичине басканга аракет жасайм. Мен үчүн эс алуу айылдарда ичинде жаман оюу жок, аталарыбыз, апаларыбыз менен кенен олтуруп баарлашуу болуп эсептелет. Саясаттан да айыл эли менен сүйлөшүп олтуруп алыстайм. Алар ар дайым мээримдүү көздөрү, жароокер жүзү, ак көңүлү менен сени өздөрүнө тартып турушат. 

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2