AUCA the best 2

2024-04-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Чынарбек Изабеков: Күчтүүлөр эмес, акылдуулар жеңет

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Ал буга чейин ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк биринчиликте эки жолу дүйнө чемпиону аталып, бир жолу коло, бир жолу күмүш медалдын ээси болгон. 

Биринчи айлампада казакстандык спортчу менен беттешмекмин. Бирок, айрым себептер менен ал чыкпай калып, чейрек финалда Түштүк Африка Республикасынан келген Пиетер Фредерик менен күрөштүм. Пиетер экөөбүз төрт жылдан бери күрөшүп келебиз. Бир канча ирет биринчиликти жеңип алган, абдан жакшы формада жүргөн ардагер спортчу. Ирандык балбан Али Сухраб Махратабан менен жарым финалда беттештик. Алгач, алдан тайып жеңилип бараткам. Чечүүчү мүнөттөрдө жеке ыкмаларымды ишке салып утуп алдым. 

Бул жолу жубайым коштоп барган. Негизи, жубайым карап турганда жоопкерчилик эки эсе көп болот. Анын көзүнчө жеңилүүгө акым жок. Колдоосун дайыма туюп турам. Негизи, үй-бүлөмдүн спорттогу жетишкендиктеринин сыры жубайымдын аракетинде. Биз балдарым менен машыгуу менен гана алекпиз. Ал эми үйдө жайлуу жагдайды түзүп, ар бирибиздин тилибизди таап, жаңы жеңиштерге багыттап турган бул – жубайым. Чемпионаттарга барарда да уюштуруу жактары жубайымдын колунда болот. Документ иштерин да өзү бүтүрүп, билет алып, чемоданыбызга чейин топтоп коёт. Чемпионатта болсо жеке массаж жасоочу, психолог, кеңеш берүүчүбүз болуп жүрөт. Назирага абдан ыраазымын. 

Канчалык баналдуу угулбасын, биздин спортчулар эл аралык аренада намыс үчүн гана күрөшүп келет. Ардагер балбандарды күрөш федерациясы каттоодон өткөрүп, жиберип келе жатат. Бирок, кыргызстандык спортчуларды башка мамлекеттердин спортчуларынын мүмкүнчүлүктөрү менен салыштырууга болбойт. Алар ай сайын атайын мелдештерди өткөрүп турушат. Ошондуктан, атаандаштар мыкты даярдыкта келишет. Керек болсо, башка мамлекеттер ардагер спортчуларына стипендияларды төлөп беришет. Баары бир мамлекеттин колдоосу билинип турат. Ал эми бизде болсо ар ким өзүнчө, мүмкүнчүлүгүнө жараша машыгып барат. Ошентсе да, кыргызстандык балбандар мыкты көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Эгер өлкө дем берип, спортту өркүндөтүп турса элестетиңиз, кандай жыйынтыктарга жетишсе болот. 

Ардагер спортчулар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Эмдиги жылы улуулар категориясында күрөшүп калат экенмин. Чемпиондук наамды ыйгарып алам деп пландап турам. Өсүп келе жаткан муунга үлгү болуу үчүн чемпионатка жыл сайын барып келатам. Биз чийип жаткан жолу келечекте даңгыр жолго айланат деп ишенем. 

Спорт – кишини өмүр бою жакшы жолго баштап жүрөт. Күнүмдүк жашоодо да адамды демдүү кармайт. Бир мисал айтып берейин. Кышында шашып басып бараткам. Муз тоңгон жерден сыйгаланып кетип, чалкамдан жыгылдым. Машыгуунун пайдасы менен эч жерим сынган жок. Спорттук интуиция иштеп кетип, башымды алдыга сунуп, колумду буйдалтпай “бүк” түштүм. Эгер спорт менен машыкпаганымда таяна мүдүрүлүп, мээм чайкалып колум сынмак. Ошондуктан, балдарым да баары спорт менен машыгат. Кичинекей кезинде спорт залга өзүм алып барам. Компьютер ойноп, телефон чукулап жүрүшүнө каршымын. Бул адаттын терс таасири көп. Азыр үй-бүлөм спорттун ыргагына көнүп калышты. Конокко да машыгуудан кийин элдин эң артында барабыз. 

“Чемпион болуш үчүн эмне кылуу керек?”, - деп көп сурашат. Ал үчүн спорттун фанаты болуу зарыл. Акылдуу машыктыруучунун колунда машыгуу жакшы жыйынтык берет. Эмне үчүн акылдуу деп жатам? Анткени, беттеш дагы математикада маселе чыгаргандай эле кеп. Болгону, анда ойлонууга көбүрөөк убакыт берилсе, спортто бир көз ирмемде чечим кабыл алышың керек болот. Ошондуктан, акылдуу машыктыруучуга муктажбыз. Күчтүү эмес, акылдуулар гана чемпион боло алат. Күч баары бир акылга таянат. Учурда Кыргызстанда жакшы машыктыруучулар аз. Бул жагына да көңүл буруу кажет. Дүйнөлүк чемпионаттарда жылдызың жанышы үчүн бери дегенде ондоп жылдар керек. Мен буга Айсулуу Тыныбекованы мисал келтирет элем. Айсулуу машыгууну эч качан калтырбайт. Чарчайт, бир жерин кокустатып алат, ыйлайт, бирок баарына чыдайт. Күнүмдүк режимин эч качан бузбайт, бардык нерсени өз убагында аткарат. Иш-чараларга барса да, кечке жүрүп калбайт. Уктай турган мезгилде эч нерсеге карабай кетип калат. Мүнөзү да кайраттанып калыптанды. Билимин да тереңдетип, китептерди окуп турат. 

Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну кааласак, спортко инвестиция салышыбыз керек. Эгер спортчуларга мамлекет колдоо көрсөтпөсө, ал жөн гана коммерцияга айланып калат. Кыргыз спорту “мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекетке эмне кылдым” деген принципте жашап жатат. Туура, бирок эл аралык аренада өкмөттүн колдоосу алмаштыргыс. Ансыз болбойт. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2