AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

УРМАТ МУСАЕВ: “Салих LTD” компаниясы саламаттык сактоо тармагына жардам берүүнү улантат

Таажы илдети күч алып жатканда жеке ыктыярчылардан сырткары өлкөдөгү ири ишканалар да четте карап турган жок. Алардын арасында “Салих ЛТД” компаниясы да бар. Бул компания илдетти жуктургандарга ыкчам жардам көрсөтүүдө көйгөйгө айланган маселени чечүүнү колго алып, Ленин айылындагы бейтапканага тез жардам унаасын сатып берген. Андан сырткары, медициналык кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды да тынбай жеткирип турду. Жакшы иштер тууралуу “Салих ЛТД” компаниясынын башкы директорунун орун басары Урмат Мусаев менен маектештик.

- Эл түйшүккө түшкөндө “”Салих ЛТД” компаниясы четте карап турбай, тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлерине эң керектүү каражаттарды жеткирди. Ушул соопчулук иштер тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, эл түйшүккө түшүп турганда “Салих” компаниясы жардам берүү боюнча көп ойлондук. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кеңешип, райондук администрация менен тез жардам унаасын сатып алуу чечимин кабыл алдык. Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы бейтапкана жакынкы конуштардын тургундарына да медициналык жардам көрсөтөт. Жалпы 30 миң калкты тейлеген ооруканада тез жардам унаасынын жоктугу абдан курч маселеге айланыптыр. Биз жардам берүү ниетибизди билдиргенде биринчи эле ушул маселени айтышты. Компания бул көйгөйдү чечип берди. Андан сырткары, медицина кызматкерлерине коргонуучу костюмдарды жана башка керектүү жабдыктарды да тапшырдык.

- “Мындан ары “Салих ЛТД” компаниясы мамлекет менен биргеликте иштейбиз” деп айткан жайыңыз бар. Сөз эмне жөнүндө?

- Ооба, аталган бейтапкана көп жардамга муктаж экендигине байланыштуу мындан ары да аны жакшыртуу иштерин колго алабыз. Оорукана мамлекеттик мекеме болгондуктан, биргеликте иш алып барууга бел байладык.

- Сиздердин компания буга чейин дагы кайрымдуулук иштерди жасап келгенби?

- Албетте. “Салих ЛТД” компаниясы буга чейин да кайрымдуулук иштерин жасап, ар тармакка түрдүү жардамдарды көрсөтүп келгенбиз. Биздин ураан: “Оң колуң менен бергенди сол колуң билбесин”. Компанияга жардам сураган көп кайрылуулар түшөт. Баарына тегиз көмөктөшөбүз. Жасаган иштерибизди эми гана эл алдында ачыктап жатабыз.

- Учурда Европада “жарандык сезим” деген түшүнүк пайда болду. Кыргыздардын “жарандык сезимине” кандай баа бердиңиз?

- Илгертен кыргыз эли кыйынчылык учурда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган улуу эл. Башына мүшкүл иш түшүп турганды эч качан жарым жолдо таштап кеткен эмес. Бул жолу да ушундай болду. Пандемия кыргыз элин бир түндүктүн астына чогултту. Биз жарандык жоопкерчилиги бийик, ынтымактуу эл экенибизди дагы бир жолу далилдедик десем болот.

- “Салих ЛТД” мындан ары да кайрымдуулук иштерин уланта берерине ишенебиз, кайсы тармакка басым жасайсыздар?

- Ооба, кыйынчылык учур да өтөт. “Салих ЛТД” компаниясы мурдагыдай эле мындан ары да кайрымдуулук иштерин уланта берет. Биз саламаттыкты сактоо тармагына басым жасайлы деген чечим кабыл алдык. Анткени, пандемия бул тармак чындыгында оңдоого муктаж экендигин көрсөттү.

“Салих ЛТД” компаниясынын жалпы жамааты кыргыз элине чың ден соолук, бейкут жашоо жана тынчтык каалайт. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2