AUCA the best 2

2025-11-01

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

АСХАТ АМАНТАЕВ: Коронавирус менен үймө-үй кыдырып күрөштүк

Реаниматолог Асхат Амантаев Кыргызстанда эпидемиялык кырдаал курчуганда кызыл зоналарда иштеп, үймө-үй кыдырып, ооругандарга жардам берип жүргөн. 

- Үймө-үй кыдырып, канча бейтапты дарылаганга жетиштиңиз?

Коронавирус башка элдерде башталып, оору каптап жатканы тууралуу маалымат булактарынан кабардар болуп турганбыз. Бирок, алгач эч ким ишенбей койгон. Бул “жалган оору” деген пикирлер да айтылып кетти. Илдет дүйнөнү каптап жатканда биздин мамлекет өз убагында тиешелүү чараларды көргөн жана андан аман-эсен чыккан. Бирок, карантин талаптары жумшартылгандан кийин той-аштар көбөйүп, эрежелер сакталбай калды. Бир жагынан Орусиядан Кыргызстанга келгендер болду. Дагы бир канча себептер менен вирус жайылып кетти. Ыкчам жайылган илдет шаштыбызды алып койду. Даярдыктар көрүлсө да, адамдарды ажалдын колунан сууруп алуу оңой болгон жок. “Мамлекет даяр эмес экен” деген сөздөр айтылып кетти, бирок андай эмес. Даярдыгы бар, өнүккөн өлкөлөр дагы бул ооруга туруштук бере албай калышты.

Мен, дарыгер катары оору жайыла баштаганда эле бейтаптарга жардам берип баштадым. Ооруканада орун жок, үйүндө жана стационарларда жаткан оорулууларга кыдырып көмөк бердим. Орто жана өтө оор абалдагы бейтаптарга жолуктум. Күнү-түнү тыным алган жокмун. Ыйлаган, жардам сураган кишилерди көрүп кантип тынч уктай аласың? Жетишип жаттым баарына. Үймө-үй кыдырып жүрүп, 300дөн ашык бейтапты дарылап жетиштим. Кудайга шүгүр, баары сакайып кетти. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусуна барып, оор учурда чогулткан тажрыйбамды жергиликтүү дарыгерлер менен бөлүшүп, айыл аймактарды кыдырып, биргеликте иш алып барып жаттык. Биз барып, жол көрсөткөн айылдарда өлүм-житим болгон жок.

Өзүңүздүн ден соолугуңузду, өмүрүңүздү тобокелге салгандан коркподунузбу?

Биз ант бергенбиз жана адам өмүрүн сактап калууга милдеттүүбүз. Бирок, биз деле адамбыз. Бизде да үй-бүлөбүз, балдарыбыз бар. Арабыздан канчалаган кесиптештерим каза болуп калышты. Бул илдет белгисиз болгону менен коркунучтуу эле. Башкалар корккондой эле бизде да коркуу сезимдери болду. Бирок, мындай илдет менен биз гана күрөшө алабыз, жоопкерчилик бизде. Ошондуктан, өмүрдү тобокелге салып, башты байлап жардам берүүгө шаштык. Башында кыйынчылыктар болду, кийин бейтаптарды дарылоо боюнча тажрыйбалар өсө баштады. Бир адамдын айыгып кетиши бизге канчалык кубаныч тартуулап, үмүтүбүздү жандырып турду.

Эмнеге ыраазы болдуңуз?

Ооруп жаткандардын ичинен түрдүү адамдарды көрдүм. Мамлекеттик кызматкер, өнөр адамдары, жөнөкөй жарандар. Мен намаз окуп, Кудай жолунда жүрөм. Ооругандардын дээрлик баары адал менен арамды, ак менен караны айырмалап калганын, жашоодогу баалуулуктардын өзгөргөнүн айтышты. Бул оору амандык чакырганы менен жакшылыкка, адамдардын адилеттүүлүктү таанышына себепчи болду. Көпчүлүктүн дүйнө таанымы, жашоо образы өзгөрдү. Бул дүйнө жалган экенин көбү түшүнүп, кайрымдуу, мээримдүү болуп калышканын байкадым. Ошого абдан ыраазы болдум. Айыккан бейтаптарымдын ыраазычылык билдирген жакшы сөздөрүн угуп калганыма кубанам.  

Мындан аркы аракеттер кандай жүрөт?

Эл саламаттыгы үчүн кызматта болобуз. Оору – сыноо. Эрежени сактап, адепке келип, ынтымактуу болуп, тазалык менен жашаш керекпиз. Тазалыкты сактаган адам оорубайт. Тазалык – бул колду жууп, гигиенаны эле сактоо эмес, жан дүйнө, ой жүгүртүүнү да таза алып жүрүү.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2