AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ДИНАРА ОРОЗБАЕВА: Таланттарды таптоо – бүт өмүрлүк ишим

PR адисинин иши болуп көрбөгөндөй ар тараптуу. Бул кесип түрдүү боёкторго боёлуп, бир күнү экинчи күнгө окшобойт. PR адистерди тыңчыларга окшоштурса болот, алардын кылган иши көпчүлүк учурда көзгө көрүнбөйт. Бул кызмат ар бир компания, ишкана жана мекемелердин иши үчүн абдан маанилүү. PR адистерин өстүрүү, компанияларды ийгиликтүү жарнамалоо, дегеле ушул чөйрө тууралуу тубаса PR адиси ДИНАРА ОРОЗБАЕВА менен маектештик.

- Сиз PR чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз? Адашпасам, ТВдан жол алгансыз...

- Негизги адистигим - азык таануучу. Башкача айтканда, соода тармагы боюнча билим алгам, бул багытта консультантмын. Мен соода жүргүзүүнүн сырларын окуп, дал ушул адистигим пиар дүйнөсүнө жетелеген. Университетте 1-курста окуп жүргөн мезгилде телевидениеде иштедим. КТРдин (азыркы КТРК) жаштарга арналган программалар бөлүмүндө алгач стажёр болуп, тажрыйба арттырып менеджерлик кызматты аркаладым. Мага ошол мезгилдин чыгармачыл адамдары менен бирге иштөө буюруптур. “Тараптар” көрсөтүүсүнө коомдогу курч көйгөйлөрдү таап чыгып, конокторду чакырып, уюштуруу иштерин аткарчумун. Ошондо, 17 жашымда эле адамдар менен иштегенди үйрөндүм. “Тараптар” көрсөтүүсүн эфирге чыгарып жүргөндөгү командама терең ыраазычылыгымды билдирем. Алар мага ТВ, PR жана сүйлөшүү чеберчилигинин негиздерин үйрөтүшкөн.

3 жылдын ичинде тынымсыз эмгектенип, жаштарга арналган программалар бөлүмүнүн менеджерлигине чейин көтөрүлдүм. 2000-жылдарда жаш саясатчыларды эфирге алып чыгып, саясий көрсөтүүлөргө аралаша баштагам. Белгилүү адамдар менен интервьюларды уюштуруп, ошол эле мезгилде гезиттерге макалаларды жазып жүрдүм.

Коомдук иштер менен алектенип, коомдун өнүгүшүнө салым кошуу – бала кезден самаган тилегим эле. Менин жашоом дал ушундай нукта болорун билчүмүн, негедир. “Чоңойгондо ким болосуң?” деген суроого “Кыйын аял болом” деп жооп берчү элем. Кыялдар ишке ашты, көздөгөн максаттарга аракетим менен жете алдым.

Телевидениеде 8 жыл иштегенден кийин өзүмдү башка тармакта сынап көрүүнү чечтим. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын сынагынан өтүп, ал жерде 2 жыл эксперт болуп иштедим. Казакстанда, Жалал-Абадда иштеп жүрүп, Бишкекти жана телевидениени сагынчумун.

Бир күнү КТРКнын “Ала-Тоо” маалыматтык бөлүмүнө менеджер керек болуп жаткандыгы жөнүндөгү жарнаманы көрүп, сынакка катышып утуп алдым. Дароо банктан кеттим. Эсеп-кысап мен үчүн абдан зеригичтүү жана бир жактуу сезилген. “Ала-Тоодо” 3 жыл иштеп, андан кийин Жогорку Кеңеште депутаттардын кеңешчиси, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маалымат катчысы болуп эмгектендим. Учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинин PR бөлүмүн жетектейм.

“Башкаларга дем-күч берүү колумдан келчү иш

 Жумушуңуз эмнеси менен жагат?

– Менин Кыргызстанда да, чет жакта да дос-тууган жана санаалаштарым абдан көп. Баарлашуу чөйрөм – ар тараптуу, оңой тил табышкан, интеллигенттүү жана билимдүү адамдар. PR тармагы да ушуну талап кылат. Күнүгө жаңы адамдар менен жолугасың, сүйлөшөсүң, кандайдыр бир келишимдерди, чечимдерди макулдашасың. PR адиси – жарнамачы, журналист, редактор, дизайнер, SMM адиси, имиджмейкер, стилист, психолог жана социолог болууну талап кылат. Бардык тармакты үстүртөн болсо да бирдей алып кетүүгө туура келет. Менин жумушум татаал, бирок кызыктуу. Ушунусу менен жагат. Бул кесиптин түйшүгү абдан көп болгондуктан пиарчылар аз болуп жатабы деп да кээде ойлоном. Бул жөн гана жумуш эмес, бул – жашоо образы. PR чөйрөсүндө жүрүп, өз командамды топтой алдым.

– Сиздин айланаңызда дайыма жаштар көп жүрөт. Аларга дайыма колдоо көрсөтүп келесиз. Сиздин колуңузда тарбияланган улан-кыздар ММК жана PR тармагында ийгиликтүү иштеп, жеке ишкерлик менен алектенишет, иш-чаралардын уюштурушат...

– Башкаларга жардам берүү мүмкүнчүлүгүм бар экенине кубанам. Көп жылдан бери көзүм бышып калды. Мен адамдын талантын сезип, дилгир, идиректүү жаштарды иргей алам. Адамдын жөндөмүн көрө ала турган жөндөмүм бар. Таланты жана аракети бар жаштарга жардам берүү керек деп ойлойм. Бул жерде кеп акчалай жардам жөнүндө эмес. Сүйлөшүп, анын оюн угуп, жылуу сөз менен колдоп, ага мотивация берип жол көрсөтүү зарыл. Адамга жөн гана жылмаюу тартуулоо канчалык чоң бакыт. Мен көбүнчө шыктуу улан-кыздардын максаттарын ишке ашырууга көмөктөшөм. Сенин кеңештериңди эске алып, аларды мүдөө тутуп, кандайдыр бир ийгиликке жеткен кишини көрсөң, аракеттер текке кетпегенин сезип маңдайың жарый түшөт. Адамдарга дем берип, алардын максаттарын ишке ашырышына түрткү болуу менин колумдан келе турчу иш. Мен муну жасоону уланта берем. Эмгегиңдин акыбети кайтпаса да, менин көмөгүм менен ийгиликке жеткен киши мейли, мени эстебей эле койсун. Бирок, анын жеңиши – менин да купуя жеңишим болуп кала берет. Бул абдан кубантат.

Азыр мен таптаган жаштар жакшы кызматтарда иштеп, ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Кудайга шүгүр, майрам күндөрү куттуктап, белектерин тартуулап, ал-абалымды сурап турушат. Менин байлыгым мына ушул. Мен үчүн материалдык байлыктын баркы жок, мага жакындарымдын жылуу мамилеси, сүйүүсү жана урмат-сыйы жетиштүү. Таланттарды таптоону бүт өмүрлүк ишим деп билем.

 “Чынчыл PR адиси болуу мүмкүн"

– Сиз үчүн PR эмне?

– PR - адамдын, компаниянын, мамлекеттин жакшы жактарын көрсөтө билүү.

– Медалдын 2 жагы бар дегендей, PR  адистеринин принциби жок, акча үчүн баарына даяр деген кептер айтылып жүрөт...

– Кесипкөй PR адиси өзү мактап жаткан азык же компания жөнүндө абсолюттук түрдө баарын билиш керек. Анын ичинде жаап-жашырып жаткан кемчиликтерин да, бүт сырларын билиши зарыл. Пиарчыларга ишенбестик ушундан улам келип чыгышы мүмкүн. Бирок жок нерсени айтып, ашыра мактоого болбойт. Мен буга каршымын. Жакшысы, кемчиликтердин үстүнөн иштеп, аны жоюунун жолдорун издөө керек. Ар бир PR адисинин же компаниянын аты жана стили болушу абзел. Менин атым жана аброюм бийик деп эсептейм жана муну акчанын айынан жоготуп алгым келбейт.

– PR адиси коомдук адам болушу керекпи же көмүскөдө жүрүшү керекпи?

– PR адиси өзүн да пиарлай алышы керек деп эсептейм. Адатта PR адистери – коомдук адамдар. Алар жасаган эмгектерин эл билишин каалайт жана бул шарт. PR кампанияны сапаттуу жүргүзгөн адистерге кардарлар көп кайрылышат. Бул чөйрөдөгү негизги сапат – чынчыл болуу керек. Ошондо гана “сарафанное радио” жакшы натыйжа берет.

“Биз уникалдуу, оңой тил табышкан адамдарбыз”

PR адистери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– PR адиси стратегиялык программа түзүүнү билиши керек. Идеяларга бай болуп, мыкты даярдыксыз видеоролик, пресс-релиз же жаңылыктарды жарата алышы зарыл. Анткени, убакыт бизге каршы иштейт. Тоодой маанини бир сүйлөм менен жеткире билген PR адисти чыныгы кесипкөй деп эсептейм. Ар кандай баннерлерди, постерлерди бир көз ирмемде элестете алышы абзел.

PR адиси – бул чыгармачыл жана прагматик адам. Бир канча тил билиши шарт. Маалыматты туура жеткирүү сырларын өздөштүрүп, стресске туруктуу болуу керек. Тандоону туура жасоо да мыкты сапат эсептелет. ЭМНЕНИ айтууну эмес, КИМГЕ жана КАНТИП айтуунун сырларын билүү негизги талап. Эң башкысы – ар кандай типтеги, түрдүү мүнөздөгү адамдар менен тил табыша билүү чыныгы PR адисине таандык сапат. Адамдын оюндагысын сөздүн жарымынан түшүнүп кете алуу да бул чөйрөдө ийгиликке жетелейт. Айтор, биз уникалдуу жана адамдар менен оңой тил табышкан адамдарбыз. Белгилей кетсем, мамиле курууну гана эмес, мамилени андан ары өнүктүрүп, сактап калуу да талап кылынат.

– Буга кантип жетишсе болот?

– Чын дилинен, берилүү менен достошуу керек. Кимдир бирөөнүн ишенимине сапаттуу ишиң менен гана кире аласың. Негедир, PR чөйрөсүнүн өкүлдөрүн акча жана калп менен байланыштырышат. Менде андай эмес. Мен иштешкен адамдар досума айланып, андан ары да көмөктөшүп иштешүүнү уланта беребиз.

“Эскерүүлөрдү жазып, жаштарга тажрыйбам менен бөлүшөм”

– Сиздин оюңузча, PR тармагында иштеш аялдарга кыйынчылык жаратпайбы?

– PR адисинин ишинде кесипкөйлүк менен кошо өң-келбет да чоң роль ойнойт. Ошондуктан, бул чөйрөдө иштөө аялдарга жеңил деп айтат элем. Өзгөчө эркектер менен иштегенде бул артыкчылык эсептелип калат (күлүп). Сулуу жана жагымдуу айым адамдын көңүлүн ачат, эсте калат. Бул жерде харизма да абдан маанилүү. Эгер харизма болбосо, анда стилдүү болуу кажет. Эң башкысы – адам болуу керек.

– 5-10 жылдан кийин эмне менен алектенүү жөнүндө ойлондуңуз беле?

– PR адисинин ишинин өмүрү узун эмес, ашып барса 5-10 жыл. Андан соң креативдүү жаштарга орун бошотуу керек. Келечекте жаштар үчүн мектеп ачам деген ойлор бар, мүмкүн консалтинг компаниясын негиздеп, кеп-кеңеш берип иштеп баштайм. Балким саякаттап, эскерүүлөрдү жазып калармын. Баарын убакыт көрсөтөт, азыр пландарым абдан көп.

– Өзүңүздү эки сөз менен мүнөздөп берсеңиз?

– Мен эмгекчилмин, бардык жумушту коркпой жасай берем. Жоопкерчиликтен качпайм.

“Менин хоббим – социалдык долбоорлор”

– Сиздин хоббиңиз?

– Хоббим - социалдык долбоорлорду уюштуруу. Анын бири спортчуларды колдоо жана спортту даңазалоо. 2014-жылдан бери Sports Awards Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо саланатын уюштуруп келем.

– Эмне үчүн бизнес эмес?

– Анткени, ар бир бизнес социалдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек. Эмне себептен учурда бүт дүйнөдө социалдык долбоорлор көп жасалууда? Себеби, дайыма эле акча жөнүндө ойлоно бергенге болбойт. Адамдар жөнүндө ойлонууга убакыт келди. Жаштардын өсүшүнө шарт түзүү кажет. Мен өз өлкөм жана мекендештерим менен абдан сыймыктанам. Кыргызстанда жөндөмдүү, таланттуу жана күчтүү адамдар жашайт. Аларга жөн гана колдоо көрсөтүү керек.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2