AUCA the best 2

2024-05-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Айтурган Темирова тасмадагы жаңы ролу тууралуу маек берди

КРдин эл артисти Айтурган Темирова чыгармачылыгындагы 25 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан тасмада роль жаратты. Белгилүү режиссер Руслан Акун тарткан “Салам, Европа” деп аталган комедия жанрындагы фильмде башкы ролду ойногон Темирова тасманын сценарийине жана режиссердун ишмердүүлүгүнө жогору баа берди. Актриса тасманын тартым жараяны, таасирлери тууралуу “Kereez media” редакциясына маек курду. 

Саламатсызбы, “Салам, Европа” тасмасына кантип тартылып калдыңыз? Көп жылдан бери тасмада роль жарата элек элеңиз, Руслан Акундун фильмине тартылып калышыңызга эмне себеп болду?

- Буга чейин киного тартылуу боюнча көп сунуштар болгон, албетте. Бирок, мага сценарийлер жакпай жүргөн. Эгер жакшы режиссер менен ылайыктуу сценарий болсо, албетте киного түшүүгө макул болмокмун. Мага Руслан Акундан тасмага тартылуу боюнча сунуш түштү. Аны менен тааныш болбогонум үчүн маани бербедим. Кийин Түркияга жүргөндө кызым Русланды Кыргызстандагы белгилүү режиссер экенин айтып калды. Ага чейин Чехияда “Салам, Нью-Йорк!” тасмасынын презентациясына барып,  режиссердук ишине баа берген элем. Анан Руслан Акун менен байланышсам ал да Түркияда экен. Сурашып келсек экөөбүз бир шаарда, бир көчөдө экенбиз, кошуна чыгып калдык. Тагдыр өзү чыгармачылык жолубузду кошту көрүнөт. Билесизби, буга чейин көп сунуш түштү, көп сценарийлерди окудум. Бирок, эч көңүлүмө толгону болбогон. Ошондуктан дагы көп жылдар бою тасмага тартылбай калдым. Ал эми “Салам, Европанын” сценарийин бир дем менен окуп чыктым. Комедия жанрында болгону үчүн аябай күлдүм. Мынчалык күлүп эс ала элегиме көп болгон. Сценарий, тасманын мааниси, актуалдуулугу, режиссердун буга чейинки эмгектери купулума толуп, Руслан Акундун тасмасына тартылууга макулдугумду бердим.

- Кайрадан кино дүйнөсүнө кирүү кыйын болгон жокпу?

- Тасманын тартым жараяны өтө жеңил, ашыкча убарагерчиликсиз, максаттуу өттү. Бул албетте режиссердун чеберчилигинен көз каранды. Союз мезгилинде актер, актрисаларга талап жогору болчу эле. Руслан да сапатка басым кылып, талапты жогору коюп, ошол эле учурда абдан жумшак, аяр мамиле жасайт экен. Бул менин образ жаратышыма абдан жардам болду, эч кыйналган жокмун. 

- Бул ролуңуз өзүңүздүн купулуңузга толдубу?

- Башында улгайган аялдын образын жарата албайм го деген коркунуч болду. Себеби буга чейин карыган кишинин ролун ойноп көргөн эмесмин да. Тасмаларга жалаң жаш кезде тартылдым. Бирок, көп нерсе режиссердон көз каранды болгону үчүн изине түшүп кетти.

- Руслан Акун жөнүндө...

- Мен бул жигиттин жумушка болгон мамилесин Болот Шамшиевге окшоштурдум. Шамшиев дагы тасма тартаардын алдында өтө кылдат даярдык көрчү. Кинодогу ар бир секундду иштеп чыкчу. Русландын жоопкерчилиги, чыгармачылыкка болгон олуттуу мамилеси, искусствого болгон терең көз карашы, тартуу жараянындагы өзүн алып жүрүшү, команда менен болгон алакасы Шамшиевге окшош экен.

- Тасма эмне жөнүндө болду?

- Бул Европада жашаган небересине автостоп менен барган чоң эне менен чоң ата жөнүндөгү тасма. Алар жолдо көп окуяларга туш болушат. Күлкүлүү окуялар ортосунда чоң эне менен чоң атанын небересине берген таалим-тарбиясы баяндалат. Бул фильм балдар тарбиясы жөнүндө. Премьера ушул жылдын октябрь айында болот.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2