AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

НУРБЕК БЕРДИКУЛОВ: Кыргызстандагы имараттар да көк тиреп калса деген илгери үмүтүм бар

Мезгил келип, курулуш тармагында да атаандаштык күч алды. Компаниялар биринен-бири ашынып, бири-бирине чакырык таштап, улам жаңыланып иш алып барууда. Ансайын Кыргызстан дагы көркүнө чыгып, көргөн көздү каныктырып жатат.

Мына ошол компаниялардын арасында заманбап технологиясы, өзгөчө дизайны жана кепилденген сапаты менен айырмаланган “Star Invest” курулуш компаниясы өзгөчө орунду ээлеп турат. Биз компаниянын башкы директору Нурбек Бердикулов мырза менен маек курганбыз.

- Саламатсызбы, курулуш тармагындагы ишмердүүлүгүңүз качан башталган?

- Саламатчылык. Курулуш тармагында 2009-жылдан бери иштеп келем. Алгач чет өлкөдө иштеп келип, Кыргызстанда жеке компаниямды негиздеп иш баштагам.

- “Star Invest” учурда кандай курулуштарды куруп жатат?

- Биздин компания учурда 5 кабаттуу фитнес борборун куруп жатат, жакында эле көп кабаттуу 3 турак жайдын курулушун бүтүрүп, пайдаланууга бергенбиз. Андан сырткары, 16 кабаттуу люкс классындагы уникалдуу турак жай комплексин курууга даярданып жатабыз. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп, документтери туураланууда.

- Азыр курулуш компаниялары кандайдыр бир өзгөчөлүгү менен өзгөчөлөнүп турганга аракет кылышат. “Star Invest” эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Биздин компания курулушта жаңы технология жана ыңгайлуулукту колдонгону менен айырмаланат. Мисалы, “Дипломат” турак жай комплексибизге абдан көп жаңы технологияларды киргиздик. Комплекстин чатыры ачык курулду. Жашоочулар үйдүн чатырынан шаарга, мөңгү каптаган тоолорго көз чаптырса болот. Аралыктан башкарууга боло турган кабар берүү жана өрт өчүрүү “акылдуу” системасы, автоунаа коюуга тыюу салынган кең короо, шамалдап турган табийгый таштан жасалган фасад жана унааларды 100% токтотуучу жай менен камсыз кылуу. Мына ушунун баары бар. Ар бир долбоорду өтө кылдат жана кесипкөй мамилеге негизделип, жогорку чеберчилик менен аткарууга аракет кылабыз. Ар бир имаратты заманбап жана ыңгайлуу шарттары менен куруу - “Star Invest” компаниясынын негизги максаты.

Дагы да шыктануу үчүн архитектура, технология, дизайн жана ыңгайлуулук боюнча алдыда бараткан өлкөлөргө барып турам. Биз командабыз менен уникалдуу курулуштарды куралы деген аруу тилегибиз бар. Ар бир киши жашагысы келе турган, кыялыбыздагы шедеврди кура турган күн да алыс эмес деп ойлойм. Убакыттын өтүшү менен биз заманбап жана укмуштуудай шаарды куруп, ошону менен сыймыктанып жашайбыз.

- Айрым курулуш компаниялары аз курулуш тургузса дагы сапаттуу жасашат, кээ бир компаниялар көп үй салышат, бирок сапатына көп көңүл бурушпайт. Сиздердин курулуш компания кайсынысына кирет?

- Биздин компания аз бирок сапаттуу куруучулардын катарына кирет деп эсептейм жана инновацияга өтө көңүл бурабыз. Мисалы, биз ишеничтүү жана жоопкерчиликтүү жабдып туруучулар (поставщик) менен иштейбиз. Алар жасаган жумушуна же алып келген товарына бир канча жылга чейин кепилдик беришет. Бул кепилдиги жок товарга караганда кыйла кымбат кызмат болот. Белгилей кетчү нерсе, биз бир гана пайдубалды курууга жумшаган каражатка айрым курулуш компаниялар 3-4 кабаттуу үй тургузуп коюшат. Мында албетте сапат боюнча маселе жаралат. Ошол себептен биз курган курулуштардын өздүк баасы абдан жогору бааланат.

- Кыргызстанда курулуш доору келди, - деген сөздөрдү айтып жүрүшөт куруучулар. Мындан ары курулуш тармагы кандай динамика менен өнүгүшү мүмкүн?

- “Курулуш доору келди” деген чын болсо керек, себеби курулуш компаниялары аябай көбөйдү. Атаандаштык абдан жогору. Буга байланыштуу курулуп жаткан курулуштардын да деңгээли өстү. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Атаандаштык болгон жерде иш илгерилейт. Компаниялар бири-биринен озуп курулуш тармагына жаңылыктарды киргизип, имараттардын сапаты да жогорулап, кооздугу да артып барат.  Мындан улам, курулуш динамикасы да бат өсөт деп ойлойм.

- Стандарттуу эмес курулуштарды кургансыздарбы? Ушундай мүмкүнчүлүк болдубу?

- Албетте. Технология жана санарип кылымында өзүн сыйлаган жана келечектен көптү үмүттөнгөн курулуш компаниясы сөзсүз түрдө стандарттан тыш курулуштарды курушу керек. Биздин тажрыйбабызда да мындай учурлар көп. Мисалы, чатыры ачык, башкача айтканда эксплуатациялануучу тамы менен үйлөрдү курдук. Бул тургундардын жашоо аянтын кеңейтти. Анткени, калктын саны көбөйгөн сайын куруучулар стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алышы керек. Келечекте бул “жаңылыкты” бардык курулуш компаниялары колдонуп баштайт деп ойлойм. Бул багытта тажрыйбабыз кыйла көп, анткени Дубайдагы бир канча курулуш компанияларынын өкүлүбүз. Дубайдагы көк тиреген имараттардын чатырындагы бассейн жана барбекю аянттарын көпчүлүк көрсө керек. Кыргызстанда да мына ушундай өңүттөгү курулуштарды курууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Келечекте Бишкекте кыялыбыздагы үйдү тургузууну пландап жатабыз.

- Компания сыймыктана турган курулуштар тууралуу айтып берсеңиз?

- Биз ар бир ишибиз менен сыймыктанабыз. Биринчиден, өз учурунда баары актуалдуу болгон. Экинчиден, компания ар бир долбоорго кылдат мамиле жасап, энергиясын, эбегейсиз эмгегин жана убактысын жумшайт. Ар бир курулушка ар бир куруучунун жан дүйнөсү берилет.

- Азыр эл кандай үйлөрдө жашагысы келет?

- Учурда адамдардын талабы абдан жогору. Аларга комфорт, кенен бөлмөлөр, витраждуу терезелер, уктоочу бөлмөгө өзүнчө жуунучу бөлмө керек. Анан дагы бардык нерсе кол астында болушу керек: супермаркет, дарыкана, фитнес клуб, кафе, кофейня, бассейн, чуркай турган жарыш жол жана воркаут аянты бар короо.

- Социалдык программалар барбы?

- Чынын айтсам, социалдык программа жок эле. Бирок, көпчүлүктүн капчыгына ылайыктуу эконом класстагы үйлөрдү курганбыз. Азыр болсо кичинекей жана эң арзан баадагы батирлерди куруп жатабыз. Колу жука үй-бүлөлөргө жамаат менен кеңешип, колдон келишинче жардам берип келебиз. Буга чейин иштеп тапкан каражатымдын жарымын кайрымдуулукка жумшадым. Эми болсо банк менен эң төмөнкү үстөк пайыздуу жылдык ипотека боюнча атайын программанын үстүнөн иштеп жатабыз. Алдын-ала келишимге жетиштик.

- Кыргызстанда курулуш компаниялары көбүнчө кандай юридикалык көйгөйлөргө туш болушат?

- Бут тосуулар көп болот. Анын артында албетте паракорчулук турат. Жеке ишкерлерге колдоо жок. Негизи, Кыргызстандагы ишкерлерди баатырлар деп койсок да болот. “Атайын жасалган” бюрократиянын кесепетинен уруксат кагаздарын алуу мөөнөтү өтө узак. Бир объектти куруу үчүн жүздөгөн документ чогултуп, жүздөгөн чиновниктерге кол койдурууга туура келет. Мен муну коллективдик жоопкерчиликсиздик деп түшүнөм. Бийлик тарабынан позитивдүү кадамдар тууралуу айтылганы менен иш жүзүндө андай болбой жатат. Анткени, айрым башкаруучулар бюрократияны жоюп, жеке жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт.

- Командаңызга кандай мотивация бересиз?

- Адилеттүүлүк тууралуу көп айтам. Эгерде ар бир адам жоопкерчиликти сезип, өзүнүн милдеттерин так жана туура аткарса көп ийгиликтерге жетүүгө болот. Көп жыл чынчылдык менен таза иштеген кызматкерлерге материалдык жактан да мотивация берип келем. Кыйын кырдаалда алар мага дем берип турушат. Командамда таланттуу, идиректүү инсандар көп. Абдан көп изденип, келечекке койгон пландары зор. Мага ишенип, мени менен иштешкенине терең ыраазычылык билдирем.

- Билимиңиз боюнча куруучусузбу?

- Кесибим – корпоративдик башкаруучу. Экономика багытында билим алгам. Жаш кезден курулушка аралашып калганым үчүн бул тармак жүрөгүмө жакын. Техникалык жактарын да өтө терең түшүнөм.

- Перспективадагы масштабдуу пландар тууралуу айта кетсеңиз?

- Максатым – келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги курулуш корпорациясын түптөө. Кыргызстанда курулган имараттар да көк тиреп калса деген илгери үмүтүм бар.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2