AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ДАНИЯР ЭМИЛЬ: Быйыл Кыргызстанда дүйнөлүк масштабдагы онлайн бизнес-форум уюштурабыз

Бул чыгарылышта ишкерлик тууралуу “Ишкер” долбоорунун автору, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Данияр Эмиль менен сүйлөшөбүз. Каарманыбыздын өмүр баяны, максаттары жана ойлору тууралуу төмөнкү маектен таанышыңыз.

- Өлкөдө таажы вирусуна байланыштуу кыйын кырдаал түзүлдү. Көпчүлүк өз демилгеси менен ар кандай жардам көрсөтүүдө. Сиз да четте калбасаңыз керек?

- Албетте. Учурда биздин компания түрдүү акцияларды уюштуруп жатат. Бейтаптарга, дарыгерлерге жардам көрсөтүүдө четте калган жокпуз. Кырдаалга байланыштуу атайын окутуу программаларын иштеп чыктык. Илдет тууралуу так жана туура маалыматтарды берип, агартуу жагында да иштеп жатабыз. Болгону, аткарып жаткан жумушубузду коомчулукка көп чыгарган жокпуз. Кыргызстан бул ооруну жеңмейинче, биздин аракет токтобойт.

- Мындай учурда бизнес чөйрөсү кандай коркунучка кабылууда?

- Ишкерлерди бир гана нерсе чөктүрүүдө – белгисиздик. Бизнестин табиятын билесиз да, ишкерлер эң эле аз дегенде бир жылдык план менен иштешет. Бизнестин мерчемине көрө көптөгөн ресурс сарптайт, көп каражат салат. Пандемия бизнес чөйрөсүн маң кылып койду. Ишкерлер кайсы жакка багыт аларын билбей турушат. Иштин көзүн билгендер кырдаалдан жол таап чыгып кетишет. Ал эми айла таппагандар болсо, башка иш менен алектенүүдөн башка аргасы жок.

- Пандемияга байланыштуу мамлекет ишкерлерге кандай жеңилдиктерди көрсөтүшү керек?

- Эң эле биринчи, тоскоолдук жаратпашы керек. Учурда көпчүлүк бизнестин ишмердүүлүгүнө тыюу салынып коюлган. Мисалы, биздин компания ушул күндөрү Бишкекте ири бизнес форум өткөрүшүбүз керек болчу. Белгилүү болгондой, адамдардын чогулуусуна уруксат болбогону үчүн өткөрө албай калдык. Азыр ивент-компаниялар кандай күн көрүп жатканын элестете албай турам. Өкмөт тиешелүү чараларды көрүп, атайын эрежелердин негизинде иш-чарабызды өткөрүүгө шарт түзүп берсе абдан жакшы иш болмок. Тагыраак айтканда, мамлекет ишкерлерге мына ушундай альтернатива сунушташы керек. Антпесе, бюджеттин тартыштыгынын курчушу турган кеп.

Мамлекет бизнести белгилүү бир мөөнөткө салыктан бошотуу менен колдоо көрсөтүшү керек. Ишкерлер бутка туруп кеткенче, ар тараптуу тирек болуп турса, каатчылыктан бат эле чыгып кетишибиз толук ыктымал.

- Учурда кандай долбоорлор менен иштеп жатасыз?

- Учурда биз толук бойдон онлайн форматка өтүп жатабыз. Биздин долбоор азыр ишкерлерди окутуу жана тейлөө менен иштөөдө. Бардык окутуу программаларды онлайнга ылайыктап иштеп чыктык. Андан сырткары, орто жана чакан бизнестин эсеп-кысап жагын автоматизациялоонун үстүнөн иштеп жатабыз. Бул ишкерлердин ишин жеңилдетүү максатында жасалып жатат. Автоматизацияланган бухгалтерия ишке кирсе, бизнес жүргүзгөндөр эсеп-кысап менен башын оорутпай, маанилүү иштер менен алек болот. Ал эми бүт эсеп-чотун онлайн форматта иштелип чыккан программа аткара берет. Бул Кыргызстанда биринчи жолу иштелип чыгууда. Күз-кыш мезгилине биз масштабдуу онлайн бизнес форум уюштурууну пландап жатабыз. Абдан амбициялуу проект, бирок азыркы кырдаалда мындай иш-чараларды өткөрүүгө муктажбыз. Биздин команда учурда мына ушул долбоор менен алектенип жатат. Негизги өнөктөшүбүз – Украина. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн дагы тыгыз байланышта иш алып барган өнөктөштөр бар. Онлайн форумга Европа мамлекеттери да катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара болот.

- Ишкерликке качан, кантип келдиңиз? Өзүңүз жөнүндө кененирээк жазалы дегенбиз...

- Ишкер болом деп мурда-кийин ойлонгон эмесмин. Мен банкир болом деген максатым бар болчу. 2011-жылы апам дүйнөдөн өтүп кеткенде, акча абдан көп маселени чечерин түшүндүм. Керек болсо, ден соолугуң дагы акчадан көз каранды экендигин билдим. Жакындарым акчанын айынан көйгөйү чечилбей, оор күнгө кабылганда, дайыма чөнтөгүңдө акча боло турган кесипке ээ болууну самадым. Ойлонуп жүрүп, ишкер болууну чечтим. Бизнес чөйрөсүнө келгениме 7 жыл болду. Билесизби, ага чейин көптөгөн башка кызматтарда иштедим, бирок көңүлдөнбөй койдум. Бизнестен өзүмдү таптым, ишкерлик мага бакыт да, байлык да алып келди.

- Эмнени ойлонуп жүрөсүз?

- Алдыда өтүүчү масштабдуу онлайн форуму оюмдан кетпей жүрөт. Анткени, мына ушул иш-чара биздин компаниянын мындан кийинки багытын аныктап, приоритеттерин белгилейт. Дегеле, өлкөбүздүн пандемиядан кийинки каатчылыктан чыгышы үчүн да абдан маанилүү иш-чара болот.

‌- Адам баласы эмне үчүн эмгектениши керек?

- Бул ар кимге өзүнчө бериле турган суроо экен. Анткени, ар кимдин жеке миссиясы бар. Мисалы, мен бактылуу жана кубанычтуу жашаш үчүн эмгектенем.

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2