AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жеңиш Жоробеков, милициянын полковниги: “Келип калар бекен” деп күттүргөнүм үчүн кечирим сураар элем!”

Жеңиш мырза менен маектешүүгө макулдашкан менен максатын айтпай сыр кылдым. Ишин, жашоосун, коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу суроо жаадырбай, жан дүйнөсүнө жаккан сөз уланып, маанайы жаркып ушунчалык толкундануу менен айтып берип жатты...

 

- Маегибизди эне мээрими, эне сүйүүсү, эне жүрөгү тууралуу кеп кылуудан баштасак...

- Эне ‒ асылдардын асылы, баарынан кымбат жана жүрөгү мээримге толгон өзгөчө адам десем жаңылышпайм. Энелерибиздин тогуз ай омурткасы сыздап боюнда көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келип,  түйшөлүп түн уйкудан калып, канчалаган азап-тозок менен аздектеп чоңойткон эмгегин эч нерсе менен салыштырууга  мүмкүн эмес!  Эне жашоонун шам чырагы, үйдүн куту, бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, үй-бүлөсү үчүн оттон-суудан коркпогон өзгөчө жан катары сүрөттөлөт.

- Эненин ак сүтүн актоо кыйын. Ошентсе да апаңызды ыраазы кылуу үчүн эмнени адатка айланткансыз?

- Энеге  тизе бүгүп, таазим кылып, ак сүтүн актоо - баланын милдети. Элибизде «Эне сүтүн актоо - өмүр бою кутулгус карыз»  деп бекеринен айтылбаса керек. Бул сөз ар дайым эсимде турат. Ошондуктан, апамдын көңүлүн көтөрүү үчүн күн сайын эртең менен андан кабар алуу, кызматтык шартыма байланыштуу аны менен күнүгө бирге боло албагандыгым үчүн апама майрам сайын белек жөнөтүү, ден соолугуна кам көрүү, анын ак батасын алуу мен үчүн адатка айланган.

- Эне бар кезде балалыктан арылуу жок. Азыр да башыңызды жөлөп, апанызга эркелейсизби?

- Канча жашка чыкпайлы, биз баары бир эне үчүн бала бойдон кала беребиз. “Энеси бар адамдар эч качан картайбайт” дейт экен! Апам үчүн мен дагы деле кичинекей бала бойдонмун: эркелейм, сагынып кетем... Бүгүнкү күндө да, эмгек өргүүсүнө чыккан учурда, апама бара жатканымды кабарлайм. Эмгек өргүүмдү аны менен өткөрүүгө аракет кылам. Себеби, мен үчүн апам менен чогуу өткөргөн ар бир күн маанилүү, кымбат. Түн ортосуна чейин апам менен баарлашып, сагынычыбыз таркайт, апам айылдагы, тууган-уруктардын арасындагы болгон бардык жаңылыктарды айтып берип, ой-пикири менен бөлүшүп,  мен жанында болгондугума кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Ал учур жан дүйнөдө майрам болот.

- Апаңыздын  кайсы тамагын сагынасыз?

- Түрдүү тамактарга толгон жайылган дасторкон турса да, апаңдын колу тийген бир кесе тамактын даамы  таптакыр башкача болот. Менин апамдын очокко заматта жасай салчу тамактарынын, тандырга жапкан ысык нанынын даамы эч бир нерсеге салыштыргыс.  Үйгө барып калган учурларымда  апам мурункудай эле түрлүү-түрлүү тамагын жасап берип, “балам келди” деп туугандарды жана коңшуларды чакырып, үйдө шаң жаратат.

- Апаңызга алып берген алгачкы белегиниз эсиңиздеби?

- Орто мектепти аяктап, Советтер Союзунун Куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөө үчүн барганга чейин, бир жыл убакыт ичинде мамлекеттик курулуш мекемелеринде иштеп, биринчи айлык маянама апама жоолук жана үйгө ар түрдүү тамак-аштарды алып келген күнүмдү апам эч качан унутпайт.

- Тизе бүгө таазим кылып, апанызга кандай сөздөрдү арнайт элеңиз?

- Ырас, сиз айткандай, тизе бүгө таазим кылып, апама жакшы сөз айтууга менде мүмкүнчүлүк бар! Мен бир туугандарымдын атынан жалпыбызды жарык дүйнөгө алып келип, ыраматылык атам менен биргеликте эрезеге жеткирип, татыктуу билим берип, азыркы даражага жеткирген эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен бирге дагы да  узак өмүр сүрүүсүн, өмүр өткөнчө уул-кыздарынын сый-урматын көрүүсүн каалар элем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, апама каалаган ой-тилектерди Кыргызстандагы бардык энелерге төмөндөгү ыр саптары менен билдирип кетер элем:

Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат.

Эне менен тендеше албайт эч бир жан,

Бардык мактоо сага гана жарашат.

Мен энемди көрбөй калсам сагынам,

Эне ыйык, эне кымбат баарынан.

- Апабызга ар дайым ыракмат айтып, ыраазычылык билдиребиз.    Бирок, балалык кезде байкабай айткан сөзүбүз болушу мүмкүн. Апаныздан эмне үчүн кечирим сурайт элеңиз?

- Мени багып-чоңойтом деп өткөргөн уйкусуз түндөрү, балалык кездеги тентектик кылганым, чет өлкөдө окуганыма жана кызматыма байланыштуу алыс жакта болуп апамды сарсанаага салгандыгым,  бүгүн да мени “келип калар бекен” деп күттүргөндүгүм үчүн апамдан кечирим сураар элем! 

- Апаңыз тууралуу поэма жазсаңыз, ал кантип башталып, кантип бүтмөк...

- Эне жөнүндө кандай гана шедеврлер жаралган жок. Эне  темасы ‒ айтып бүткүс, аягы жок дастан. Эгер менде чыгарма жазуу мүмкүнчүлүгү болсо, «Апа, сиз биз үчүн бул дүйнөдөгү эң ыйык адамсыз. Сизди сүйөбүз, ар дайым узак өмүр сүрүңүз» деген арноо менен баштап, “Энени көзү тирүү кезде сыйлайлы... энебиз менен бирге өткөрүүгө калган убактыбызды барктайлы”, ‒ деп аяктаар элем.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2