AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВ: “БИР БОЛ” партиясынын башкы урааны – тазалан!

Белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматов быйылкы парламенттик шайлоого "Бир бол" партиясы менен барарын айткан. Ал пандемия, каатчылык, алдыда боло турчу парламенттик шайлоо жана пландары менен бөлүштү.

- Маегибизди актуалдуу маселелерден баштасак. Сиздин баамыңызда таажы вирусуна каршы күрөшүүдө кыргыз өкмөтү эмнени туура кылды жана кандай кемчилик кетирди?

- COVID-19 дүйнөдөгү жалпы адамзатты түйшүккө салган, мамлекеттердин экономикасына чоң сокку урган, бийликтерге элдин нааразычылыгын жараткан илдет болду. Мурда-кийин мындай вируска кабылбаган бардык Өкмөттөр алапайын таппай калышты. Кыргыз өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп чыккан жалпы эрежелер менен иштеп жатат. Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Америка, Испания, Италия, Кытай айтор, бардык мамлекеттер окшош стандарттуу чараларды көрүп жатышат. Скандинавия мамлекеттери, Белорусия башка жол менен кетти. Адамдар ооруп айыккан соң иммунитет пайда болот деп чаржайыт коё беришти. Дүйнө ушундай эки жол менен кетип жатат. Азыр көп өлкөлөрдү илдеттин экинчи толкуну каптап жатат. Ушундай маалда өкмөттү сындай берген майнапсыз. Өкмөт колдон келген аракетин жумшап жатат. Мисалы, айыл-чарба, билим берүү ж.б. тармактар боюнча өкмөттүн чабалдыгын айтып, сындасак болот. Бирок коронавирус менен күрөшүүдө өкмөт иштебей жатат, дарыгерлер иштебей жатат, туура эмес иш жүргүзүүдө,- дегенден алысмын. Азыр  дарыгерлер, дарылоочу имараттар, каражат жетишпей жатат, экинчи толкун бизди эле эмес, дүйнөнү каптады. Ушундай маалда өкмөттү сындагандын ордуна колубуздан келген жардамды көрсөтүп, ар бир адам эрежелерди сактап туруш керек. Өкмөт бул жерде сыйкырчы боло албайт. Жалпы элдик аракет керек.

- Кыргызстан пандемиядан кийинки кризистен кантип чыга алат?

- Пандемиядан кийинки экономикалык кризистен чыгуу үчүн өкмөттө чукул фискалдык программа болушу керек. Азыр биз дүйнөлүк коомчулуктун жардамын, гранттарды алууга муктажбыз. Ансыз болбойт. Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы сыяктуу дүйнөлүк каржы институттары менен алака түзүп, тыгыз иштешибиз керек. Ал үчүн эл аралык рейтингибизге өтө аяр мамиле жасашыбыз керек. Экинчиден, ички резервди, башкача айтканда, жылына көмүскө экономикада катылып жаткан 150 млрд сомго жакын каражаттарды ачыкка чыгарышыбыз керек. Айтор, кыска экономикалык чечкиндүү программа жана кадамдар керек. Өлбө жаным өлбө деген  кылдыраган позиция болбойт.

- Кырдаал мындай болуп турса быйыл парламенттик шайлоо болбой калуу ыктымалы барбы?

- Кырдаал оорлоп кетсе парламенттик шайлоо 1-2 айга жылышы мүмкүн. Эгерде андан ары жылса, мамлекетте коронавирустан тышкары саясий кризис башталат. Анткени бул парламент легитимдүү болбой калат. Конституция боюнча парламент 5 гана жылга шайланган жана 5 жылдан 1 күн ашык отурганы Баш мыйзамга каршы келет. Бийликтин бирден-бир түркүгү болгон Мыйзам чыгаруу институту легитимсиз болуп калат. Бир жолу бар: Президентке 6 айга Мыйзам чыгаруу ыйгарым укугун берүү. Экономикалык маселелер, бюджетти кароо же башка кечиктирилгис чаралар зарыл болгон учурда Мыйзам чыгаруу укугун Президентке берсе болот. Бирок бул эң чоң алаамат болгондо колдонулчу чара. Бул айла жоктун оокаты. Мындай кадамдар деле саясий кризиске, толкундоолорго, нааразычылыктарга алып келет. Бул мыйзамдуулуктун күчүнө болгон чоң сокку болот. Легитимдүүлүккө дагы шек келтирет. Ошондуктан шайлоону 2 айдан ашык убакытка жылдырууга болбойт.

- Сиз “Бир Бол” партиясынын жаңы курамы менен барышыңызды айттыңыз. Учурда эл парламентте жаштарды, жаңы жүздөрдү көргүсү келип турат. Партиянын тизмесинде жаңы жүздөр көп эле болобу жана бул канчалык деңгээлде маанилүү?

- “Бир Бол” партиясы буюрса шайлоого 95% жаңы адамдар менен барат. Алар илимдин, бизнестин, айтор бардык тармактардын мыктылары, лидерлери болгон жаштар. Партиядагы эң аксакалы мен. Менин жашым 50дө. Демек, биздин партия жаш болот, жаңы адамдардан турат. Биздин эң чоң максатыбыз - тазалануу. Азыр коомго тазалануу керек болуп турат. Учурда саясий истеблишмент, сот жана  прокуратура системасы, Өкмөт, айтор баары тазаланыш керек. Ошондуктан “Бир Бол” партиясы тазалануу кандай болорун коомго көрсөтөт жана партиянын жаңы курамы элден табигый суурулуп чыккан, жаш, күчтүү лидерлерден түзүлөт.

- Быйылкы парламенттик шайлоо кандай маанайда өтөт? Добуш сатуу болот деп ойлойсузбу?

- Эл азыр эң негизгиси өзгөрүүнү күтүп жатат. Бирок реформа деген сөздөн  тажагандай болуп калды. Мен айтат элем, реформа - бул тазалануу, жакшы жакка өзгөрүү, алдыга умтулуу, ийгиликтерге жетишүү. Демократиянын бир нече түркүгү - сөз эркиндиги, сот адилеттүүлүгү, эркин экономика, адилеттүү мыйзамдар жана алардын так аткарылышы. Бирок эң негизги баалуулук – таза шайлоо. Ансыз жогоруда айткан түркүктөр толук кандуу демократияны камсыз кыла албайт. Демек, реформалар да жүрбөйт. Ток этер жери, мамлекеттин бардык тармактарында алдыга жылуунун башаты - таза шайлоо. Таза шайлоосуз реформаны оозануу парадокс. Суунун башаты - булак болсо, өнүгүүнүн башаты, уңгусу - таза шайлоо. Таза шайлоо аркылуу лидерлер аныкталат, таза парламент келет дагы күчтүү, таза өкмөттү шайлайт.  Элден суурулуп чыккан мыкты лидерлер мамлекетибизди өргө тартат. Албетте, мыкты лидерлерди сууруп чыгуу механизми – бул таза шайлоо. Таза шайлоону өткөрүүгө президенттен баштап ар бир жаранга чейин баарыбыз жооптуубуз. Сот реформасына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, бардык тармактардагы реформаларга Президент, Өкмөт, парламент жооптуу. Эл жооптуу эмес. Бирок реформалардын башаты болгон таза шайлоого эл да, бийлик да бирдей жооптуу. Шайлоо маалында мамлекеттин келечеги элдин колуна өтөт.  Алардын колуна мамлекеттин тагдырын чече турган рычаг тиет. Эл добушун сатпай, туура тандоо жасаса оңолобуз, андай болбосо кайра эле «Мамайдын көрү» болуп, айлангөчөк уланат.  

VII – чакырылышка шайланып келсеңиз, ишти эмнеден баштаганы турасыз?

- Буюрса, парламентке шайланып келсек өзүбүздүн дараметибизге, билимибизге, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша өлкөнү өргө тартуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Эмне үчүн 6-чакырылыштын депутаттарын баары сындап жатат?! Буга 2 себеп бар. Биринчиден, мурунку чакырылыштардын депутаттарын деле сындап келишкен, сындай турган жагдайлар көп болгон, болгону азыр баары ачык. Ар бир депутаттын баскан-турганы, сүйлөгөнү, позициясы аквариумдагы балыктардай көрүнүп турат. Азыр коомчулук Өкмөт эмне иш кылып жатканын баамдап биле албайт, анткени алар жабык, элге көп чыкпайт. Ошондуктан, коомчулук эң көп көзөмөлдөгөн бул - парламент. Парламент ачык болгондуктан чий көбүктөр сыртка чыгып, катуу сынга кабылып жатат. Мындай ачыктык эң жакшы. Бийликтин ар бир бутагынын иши ушундай ачык көзөмөлдө болушу керек. Экинчиден, парламент дагы жыргатып иштебей жатат. Курамдык сапаты өтө төмөн. Депутаттар аткаруу бийлигинин «дежуру» болуп калган учурлар абдан көп. Парламент эч качан Өкмөттүн «дежуру» болбошу керек. Парламент Өкмөттү козөмөлдөп турган, элдин батасы менен келген чоң бийлик. Азыр болсо тескерисинче, Өкмөттү элдин көзүнчө сындап туруп, аягында «макул» деп добуш берип койгон депутаттар четтен чыгат. Бул популизм, публикага ойногон шоу. Мен эч качан сындап туруп «макул» деп добуш берген эмесмин. Биз парламентке келсек ушул саясий адатка бөгөт коюуга болгон аракетибизди жумшайбыз.

Парламентке канча партия өтүп келсе, алардын арасында прогрессивдүү адамдардын көп болушун тилейм. Прогрессивдүү адамдар парламентте көп болсо сөз эркиндигин, демократияны колдоп, олигархтар өзүнүн кызыкчылыгына карап колдогон мыйзамдарга каршы тикесинен тик турушат. Бизде азыр мыкты сунуштарды камтыган чоң программа бар. Биз бул программаларды Өкмөткө сунуш кылып, көзөмөлдөп, прогрессивдүү адамдар менен бирге иштейбиз.

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2