AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Тамо Чаттопадхай: БААУда иштөө - шыктанууну тартуулайт

Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Педагогика” магистрдик программасынын координатору, доцент Тамо Чаттопадхай аталган окуу жай жөнүндө айтып берди.

Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштөө – мага чыныгы шыктунууну жана эргүүнү тартуулайт. Мен бул жерде акыркы 4,5 жылдан бери иштеп келем, мага окутуучулук багытында жаңы магистрдик программаны түзүү тапшырмасы коюлган. Көп эмгектенип, Кыргызстан гана эмес, бүткүл регион үчүн уникалдуу программаны түзө алдык.  

Биздин программанын динамикалуу жана инновациялуулугунун сыры эмнеде?

Биринчиден, бул – Bard College Master in Teaching жана КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин программасынын даражасын бере алган педагогика багытындагы алгачкы программа. Аны бакалавриаттын бүтүрүүчүлөрү гана окуй алышат. Ал эле эмес, педагогика боюнча кош дипломдуу жалгыз программа.  

Экинчи өзгөчөлүгү – бул программанын форматы. Биз Борбор Азияда биринчилерден болуп педагогикалык билим берүүнүн аралаш моделин иштеп чыктык. Эки жылдык программа алты семестрден турат. Биздин студенттер жай мезгилинде окуй башташат. Алар кампуста 8 интенсивдүү жуманын ичинде билим алышат. Студенттер күзгү жана жазгы семестрде өз мектептеринде иштеп, биздин уникалдуу веб-видео негизиндеги насаатчылык моделибиз аркылуу сабак беришет.

Үчүнчүдөн, баса белгилей турган жагдай, биз университеттер көп өлкөдө педагогика боюнча магистр даражасын сунуштап жатабыз. Бул дагы абдан маанилүү. Бардык дисциплиналар, бардык окуу программалары педагогикага негизделген. Бул чыныгы дисциплиналар аралык өнүгүү деп эсептелет. Кыргызстанда көптөгөн мыкты университеттер бар экенине ишенем. Бирок биз Кыргызстандагы алдыңкы университеттин бири экенибиз – уникалдуулукту берет.

Биз окутуу, тарбиялоо же мугалимдердин мыкты педагог болууга умтулуусун колдоо менен гана чектелбейбиз. “Педагогика” магистратурасы (Master of Arts in Teaching) Билим берүү институту (Institute of Education) деп аталган дисциплиналар аралык институттун флагманы болуп саналат. Институт маалыматтык-пропагандалык изилдөө иштеринде, саясатта рычаг катары кызмат кылышы – биздин программага туура келет. Бул байланыш абдан маанилүү.

Дагы бир маанилүү жагдай, биз педагогиканын магистратурасын Кыргызстандагы билим берүүнүн катализатору катары карайбыз. Жеке мектептерге суроо-талап жогору, айрыкча Бишкекте. Акыркы бир жылдын ичинде эле көптөгөн жеке менчик мектептер ачылды. Мүмкүнчүлүгү барлар албетте, балдарын менчик мектепте окутууга ашыгышат. Бирок, калктын басымдуу бөлүгүнө, айрыкча аймактарда сапаттуу мамлекеттик билим берүү зарылчылыгы күчүндө.

Биздин программа АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү менен кызматташып жатканына сыймыктанат. Бул бизге мамлекеттик мектептердин мугалимдеринин келип, университетибизден магистр даражасын алышына колдоо көрсөтөт. Биз Америка элчилигинин стипендиясын алабыз. Келе жаткан окуу жылында коңшу мамлекеттердин дагы мектеп мугалимдерин чакырууну пландап жатабыз. Демек, биз чындыгында региондогу америкалык стандарттагы билим берүүнү камсыздаган борбор экенибиз тастыкталып турат десек болот.

Сөзүмдүн аягында окуу планы мугалимдерди даярдоо гана эмес, аларга андан маанилүү нерселерди бере алат деп айтат элем. Фундаменталдык курстардын негизинде студенттер илимий долбоорлор менен алектенишет, коомдук илимдер тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө үйрөнүшөт. Кеп жөн гана мазмуну тууралуу эмес. Биз класста окууга, адамдын лидерлик потенциалына таасир этүүчү жана өлкөдөгү балдардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн билим берүү ресурстарын кеңейтүүчү чакан, бирок динамикалык программаны түзүүгө аракет кылып жатабыз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2