AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Касиет Усубакунова: Баланын ийгилиги мектептен көз каранды

“Билимкана-Бишкек” мектебинин мугалимдер жамааты кесипкөй адистерден куралганы белгилүү. Муну аталган мектептин окуучуларынын ийгиликтери далилдеп турат. “Билимкана-Бишкектин” алдыңкы мугалимдеринин бири Касиет Усубакунова менен маектештик.

- “Билимкана-Бишкек” мектебине кантип жумушка кирип калдыңыз?

- Бул мектепке жумушка киргенге чейин “Тил клаб” тил үйрөтүү борборунда Гульмира Дюшеева эженин автордук методу менен иштедим. Натыйжалуу эмгектенип, эженин сунушу менен “Билимкана-Бишкек” мектебине жумушка алындым.

- Аталган мектептин өзгөчөлүгү?

- Биздин мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн: окуу эрте менен саат 08:30да башталып, 16:25ке чейин уланат. Тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер сабак берет. Үч маал ысык тамак берилет, атайын транспорт дайындалган. Мектепте социалдык жашоо абдан өнүккөн, окуучулар ар кандай долбоорлор менен иштешет. Тил үйрөнүүдөн сырткары, кызыктуу ийримдер иш алып барат: кийиз менен иштөө, программалоо, вокал, медиа сабактар, спорттун түрлөрү боюнча жана башкалар. “Билимкана-Бишкекте” окуучулар окуу программасын гана өздөштүрбөй, келечек жашоосунда коммуникативдүү болууга да үйрөнүшөт. Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларда окушат.

- “Билимкана-Бишкектин” мугалимдер жамааты тууралуу айтып берсеңиз?

“Билимкана-Бишкектин” мугалимдер жамааты мектептин мүдүрү Мундузбаева Елена Владимировнанын ишенимдүү жетекчилигинин астында иш алып барат. Мектепте абдан тажрыйбалуу, кесипкөй, иш билги мугалимдер эмгектенет. Арасында Эл агартуунун отличниктери бар. Жаш мугалимдер да кандайдыр бир деңгээлде ийгиликтерди багындыргандар.

- Окуучуларыңыздын жетишкендиктери жөнүндө айтсаңыз?

- Бул мектепте иштегениме 5 жыл болду. Мурдагы жылы “Билимкана” фонду уюштурган биринчиликте менин окуучум байгелүү орунга ээ болгон. Эки жыл мурда “Ааламга маданият аркылуу” республикалык көркөм окуу сынагында окуучум Эльнура финалга өтүп, байгелүү орунга татыган. Мындан сырткары, жыл сайын райондук, облустук олимпиадаларга даярданабыз. Быйыл да окуучум биринчиликке катышып жатат, жакшы жыйынтык менен келишин күтүп, үмүттөнүп турган чагым. Жөндөмдүү, идиректүү, алдыңкы окуучуларым менен сыймыктанам.

- Окутууда жеке методуңуз барбы?

- Жогоруда айтып кеткендей, тил үйрөтүү борборунда иштеп жүргөндө кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун методикасын жакшы өздөштүрүп, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине сабак өтүү менен кесиптик дараметимди кыйла жакшырттым десем болот. Кыргыз тилин окутууда мектепте тил билүү деңгээлине карата окуучуларды топторго бөлүп алабыз. Тил билүү деңгээли мындайча: А1, А2, В1, В2, С1. Бизде элементардык деңгээлден оратордук деңгээлге чейин окуу материалдары бар. Өзүм да интерактивдүү ыкмаларды колдонуу боюнча теманын үстүндө иштегендиктен, ар бир сабагым жаңы ыкмалардын жардамы менен гана ишке ашат.

- Баланын келечекте ийгиликтүү инсан болушунда мектептин ролу канчалык?

- Баланын ийгилиги, албетте, үйдөгү тарбиядан тышкары түздөн-түз мектептен  көз каранды. Себеби, балдар мектепте көпчүлүк убактысын өткөрүшөт, окуп эле тим болбостон, бири-бири менен карым-катнаш түзүшөт, маек курушат, дос күтүшөт. Жогоруда айтылгандай, ар кандай иш-чараларга катышып, ар тараптуу өнүгүшөт. Келечекте коммуникабелдүү инсан болушуп, андан аркы чоң жолдо өзүн жоготпой, индивид катары калыптанып кете алышат.

- Пандемия шартында окуучулар онлайн окууга мажбур болушту. Бул учурда кандай усул менен сабак өтүп жаттыңыз?

- Чындыгында, сабактарды онлайн форматка которуу бир топ түйшүк жаратты. Бирок, Кыргызстандын мугалимдери бул форматка дароо эле ыңгайлашып кетти. Алардын катарында мен дагы чоң тажрыйба арттырдым. Билим берүү жана илим министрлигинин чакыруусу менен 7-класстарга II-чейрек үчүн видео сабактарды даярдадым. Менин сабактарым ЭлТР мамлекеттик телеканалы аркылуу трансплантацияланган.

- Мугалимдик кесипти жан дүйнөңүз менен кыялданып жүрүп тандап алдыңыз беле?

- Мектепте окуп жүргөндө эле мугалим болгум келчү. Мугалимдерибиз усулканага журналды алып келүүгө жөнөтчү эле. Ошондо коридордо журнал көтөрүп, шиш така кийип тыкылдатып басып, күндөлүктөргө баа койгонумду элестетчү элем. Кудай буюруп, максатыма жеттим. Мугалимдик кесип -  эң ардактуу кесип, мен үчүн мугалим деген сөздүн өзү сый-урматка татыктуу. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: "Кадырлуу төргө мен эмес, сен эмес, жөнөкөй мугалим отурса болор эле", - деп айткан экен. Анын сыңары, жөнөкөй мугалимдер мойнуна ат көтөргүс жүктү артып эмгектенишет.

- Адабияттагы ордуңуз жөнүндө сурагым келип турат...

- Адабиятта, тагыраак айтканда, поэзияда кичине болсо да ордумду таап жатам десем жаңылбайм. Кичинемден ыр жазууга дилгир элем. Ошол өнөрүмдү өрчүтүүгө "Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмеси чоң түрткү болуп, Алыкул Осмонов атындагы дипломго ээ болуп, акындардын аралаш китебине ырларым жарыяланып, кубанычым коюнума батпай турган чагы.

- Куттуктайбыз. Алдыда кандай пландарды ишке ашырууга камынып турасыз?

- “Максаты жок адам калагы жок кайыкка окшош” деп айтылат го, анын сыңарындай, албетте, алдыда көптөгөн пландарым бар. Кыргыз тилди экинчи тил катары окутуу боюнча окуу куралдары жокко эсе, ошол себептүү келечекте ошол окуу куралдарды иштеп чыгууга аракет кылсам деген планым бар. Ал эми поэзия жаатында өзүмдүн жеке китебимди басып чыгарсам дейм.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2