AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жылдыз Нишарапова: БААУнун Инновациялык колледжи быйыл алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурат

Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжинин академиялык маселелер боюнча директору Нишарапова Жылдыз Талантбековна колледждин артыкчылыктары жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз... Кайсыл жерде туулгансыз? Кесибиңиз эмне? Эмне себептен бул багытты тандагансыз? Кайсыл жерде иштейсиз?

- Буга чейин Кыргызстандын ЖОЖдорунда окутуучу жана академиялык маселелер боюнча администрациялык жумушчу болуп иштеп келдим. 5 жыл Борбордук Азиядагы Америка университетинин Изилдөө офисинде директор жана окутуучу болуп эмгектендим. Учурда БААУнун Инновациялык колледжинде академиялык маселелер боюнча директормун. Франциянын саясий илимдеринин магистри жана докторумун.

- БААУнун Инновациялык колледжинде качантан бери иштеп жатасыз?

- Колледж ачылган күндөн, 2019-жылдан бери иштеп жатам.

- Колледждеги жумушуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен колледжде окуу, окуудан сырткары жана тарбия иштери менен алектенем. Студенттер, окутуучулар жана ата-энелер менен иштейм. Андан сырткары, сырткы жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташам. Сырткы өнөктөштөр – бул мамлекеттик структура, бизнес жана академиялык коомчулуктар.

- Орто кесиптик билим берүүдөгү Инновациялык колледждин артыкчылыгы эмнеде?

- Бакалавриат жана магистратурага көп убакыт сарптабай, кыска аралыкта кандайдыр бир кесипке ээ боло алуу мүмкүнчүлүгү. Бул жерде 18 жаштан карьера баштоого болот. 9-классты бүткөндөн соң, окуучулар 2 жыл убакытын бекерге өткөрүп жатышат. 3 жылдын ичинде кесипке ээ болуп, иштеп же бизнес баштап кетүүгө мүмкүн.  

- Колледж канча багыт боюнча билим берет?

- Биз 7 адистикти сунуштайбыз:

Innovative Banking and High Technologies

Design Management and Design Thinking

Design and High Technologies

Startup Finance and High Technologies

Software Engineering and Social Transformations

Ecology and Energy Efficiency

New Age Entrepreneurship and Human Intelligence

- Инновациялык колледжде ар бир адистик боюнча Борбордук Азияда аналогу жок уникалдуу окуу планы иштелип чыккан. Окуу программаңыздардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, биз ар бир адистик боюнча уникалдуу эксперименталдуу куррикулумдарды иштеп чыкканбыз. Дүйнөлүк тренд жана эмгек рыногун изилдеп, ар бир багытта адистердин жардамы менен иш программалары түзүлгөн. Бул куррикулумдар дайыма анализденип, жаңыланып турат.

- Окутуу ыкмалары кандай? Окутуучулар тууралуу айтып берсеңиз?

- Биз интерактивдүү окуу ыкмаларын колдонобуз. Ар бир предмет боюнча билим гана бербей, ага ылайык жөндөмдөрдү да үйрөтүп барабыз. Эч кандай пассивдүү же жабык маселелер, тесттерди колдонбойбуз. Кесиптештерим бири-бири менен мыкты ыкмаларды бөлүшүп, андан сырткары чет элдик окутуучулар түрдүү семинарларды өтүп турушат. Ошондой эле, ар жумада бир жолу методикалык семинарлар өткөрүлөт. Биз дисциплина аралык жана фидбэк боюнча окутуучулар арасында сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлыктар менен сыйлап турабыз. Негизги максат – окутуучулар жаңы ыкмалар менен бөлүшүп, биргеликте иш алып барышы.

Ар бир окутуучу жеке усулу менен окутат. Бул ар бир студентке өзүнчө көңүл бурулат деген сөз. Ар бир адам ар башка, ар биринин жөндөмү жана кызыкчылыгы ар түрдүү. Ошондуктан, окутуучулар ар бир студентке өзүнчө мамиле жасап, окуп жаткан тармагына кызыктырып, ага жардам берип, өнүктүрүп барат.

- Студенттер окуп жатып, Кыргызстандын алдыңкы компанияларында практикадан өтүүгө мүмкүнбү?

- Биз изилдөө иши жана стажировканы бириктирип, уникалдуу финалдык долбоорду иштеп чыкканбыз. “Финалдык дисциплина аралык долбоору” – бул ар кайсы программадагы 8-9 студент бир топко биригип, бир академиялык жылда кандайдыр бир долбоорду иштеп чыгып, анын үстүнөн иштешет (бизнес, жарандык активдүүлүк), тесттен өткөрүшүп, жыл аягында ишке киргизиши зарыл. Аталган долбоорго студенттер, колледждин окутуучулары супервайзер катары тартылган. Андан сырткары, лидерлер, коучтар (бизнес чөйрөсүнөн), жана түрдүү серепчи жана адистер иштешет. Ар бир командага Инновациялык колледж каражат бөлүп берет, сырттан каржыланса да болот. Ошондой эле, студенттер бул долбоорлорду ишке ашырууда компанияларда стажировка өтөөгө болот.

- 2022-жылга пландар кандай?

- Алгачкы бүтүрүүчүлөрдү ийгиликтүү уядан учуруп, аларды жумушка орноштурууда жана ЖОЖго тапшыруусуна көмөктөшүүнү пландап жатабыз. Чет өлкөлүк окуу жайлар жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташууну бекемдөө тапшырмасы турат.

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2