AUCA the best 2

2025-04-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Тазабек Икрамов: Өкмөттүн начар иштегени өкүндүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Kereez Media редакциясына интервью берди. Икрамов депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу айтып, акыркы актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

 

- Сиз казино бизнесине каршы добуш бердиңиз, бул боюнча оюңуз?

- Казино бизнесине мурдатан эле каршымын. V чакырылыштын депутаттарынын аракети менен Кыргызстандагы казинолор өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Ал эми казинолор иштеп турганда, канча үй-бүлөлөр бузулуп, турмушу туура эмес жакка кеткендерди көп эле көрдүк. Адамдын психологиясын да бузат.

Экономикалык жагын алып карасак, казино иштеткендер гана байыйт. Ал эми казынага арзыбаган салык төлөп коюшат.

- Азыркы учурда абдан курч болуп жаткан чек ара маселеси боюнча да оюңузду билсек... Коңшу тажик элинин куралдуу агрессиясы учурунда парламент эмне иш менен алек болду, азыр бул багытта кандай иштерди алып барып жатат?

- Чек арада болгон акыркы окуялар жалпы кыргыз элин, ошол эле учурда башка мамлекеттерди да ойлондуруучу маселе. Куралдуу агрессия башталганда, парламент дароо чукул жыйынга чогулуп, керектүү чечимдердин баарын кабыл алып бердик. Төрага баш болуп, бир топ депутаттар жерине барып, кырдаал менен таанышып келдик. Жабыркагандарга жардам берүү демилгелери көтөрүлдү. Мен парламентте курман болгон 3 жоокерге “Эл баатыры” наамын, ал эми калган аскерлерге “Даңк” медалын берүү демилгесин алып чыктым. Жоокерлерге мамлекет тарабынан кандайдыр бир стимул болушу керек деп ойлойм.

- Чек аралаш айылдарда жашаган элге кандай шарттарды түзүп берүү керек?

- Учурда өзгөчө статус берүү маселеси чечилип калды. Мен кошумчалай кетчү нерсе, чек аралаш айылдарда жашаган элдин айлык маянасын көтөрүү керек деп эсептейм. Бардык кесиптин ээлеринин маянасын 2-3 эсеге жогорулатуу – мамлекеттин милдети. Андан сырткары ишкерлерге болгон текшерүүлөрдү жана салыктарды азайтуу зарыл. Баткендин өрүгүн да кайра иштетүү маселесин колго алуу абзел.

- Сиз депутат болуп, кандай мыйзамдарды жаздыңыз? Сиздин демилгеңиз менен кандай иштер аткарылды?

- Депутаттык мөөнөтүмдүн ичинде өкмөткө көптөгөн сунуштарды бердим. VI чакырылышта кандай мыйзамдар кабыл алынган болсо, баарына менин тиешем бар. Социалдык маселелер комитетинин төрайымынын орун басары болуп иштеп, социалдык объекттерди куруу жана ремонттоо иштерине салым коштум. Көптөгөн мыйзамдарга автор жана соавтор болдум, мунун баары ЖКнын расмий сайтында илинүү. Көбүнчө, улуттук баалуулуктардын сакталып калышына басым жасадым. Анын ичинде, Ак калпак күнүн мыйзамдаштырдым. Андан сырткары, мамлекеттик кызматка кирерде кыргыз тилинен тест тапшыруу боюнча мыйзамды да жаздым, бүгүнкү күнү ийгиликтүү ишке ашып жатат.

- Дайыма жүрөгүңүздү өйүп турган маселе кайсы?

- Мындай маселелер абдан көп, анын ичинде суу, жол жана ремонту же курулушу бүтпөй турган мектептер көңүл чордонунда. Канча маселе айтсаң да, өкмөттүн аткарбай, начар иштегени өкүндүрөт. 

- Кийинки шайлоого барасызбы?

- Азырынча бул жөнүндө ойлоно элекмин.  

Интервью

 

Жаңылыктар

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2