AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Айдай Орозбекова: Спорттук карьерамда Лиана Джоджуанын ийгилигин кайталагым келет

Кыздары кыйын кыргыздын. Мындан эки жыл мурда кыргыз спортунда Айдай деген ысым жарк этти. Астанада өткөн грэпплинг боюнча дүйнөлүк биринчиликте кыргызстандык балбан кыз Айдай Орозбекова чемпион аталды. Ал Sports Awards – 2019 Кыргызстандагы башкы спортчуларды сыйлоо салтанатында мыктылардын катарына кирди. Өзү мектеп окуучусу экенине карабай келечекке ишенимдүү кадам таштап, дүйнөлүк аренада Кыргызстанды даңктаган, жылдызы жанып келе жаткан спортчу кыз максаттары менен бөлүштү.

 

- Саламатсыңбы, Айдай. Мектеп окуучусу боло туруп спорт жагында албан ийгиликке жетүүнүн сыры эмнеде?

- Саламатчылык. Анын сыры – талыкпай машыгууда жана спортко берилгендикте. Сен спортко канчалык көп күч, убакыт берсең, спорт сага да ошончолук ийгилик, жеңиш берет. Менин спорттук сапарым 13 жашымда башталды. Алгач Ильяз Исманов агайымдын колунда машыгып жүрдүм. Бир тууган агам Бексултан түрткү болуп, чоң спортко аралашып калдым. Чоң спорт чоң каражатты да талап кылат экен. Таятам Эркинбек Батракеевдин каржылык колдоосу менен эл аралык мелдештерге барып, тер төгүп, элимдин жана жакындарымдын ишеничин актап жатам.

- Чемпион кызга мектептеги мамиле кандай?

- Бишкек шаарындагы №50 орто мектебинде окуйм. Сүрөтүм үлгүлүү окуучулардын катарында Ардак тактада илинип турат. Көргөн сайын көкүрөгүм толо сыймыктанам. Машыгууларга сөзсүз сабактардан бошотуп, колдоо көрсөтүшөт. Мелдештерде мугалимдерим жана классташтарымдын алдындагы жоопкерчиликти да сезем. Алар мага моралдык жактан абдан чоң колдоо көрсөтүщөт.

- Эмне үчүн грэпплинг?

- Азыр спорттун түрү абдан көп. Оор жаракат алуу коркунучу жогору болгон спорт түрлөрү абдан популярдуу. Көпчүлүк кармашып урушууга качан барасың деп сурай беришет. Мен тандаган бир гана жол бар, ал – грэпплинг. Грэпплингде бир сокку менен эле эс тандырып коюу деген жок, бул чыныгы күрөш спорту.

- Машыктыруучуң тууралуу...

- Сокулук районунда жашап жүргөндө жогоруда атын атаган Ильяз агайдын колунда 6 ай машыктым. Бишкек шаарына көчүп келгенде, машыктыруучу тандоо чындыгында татаал болду. Ар кайсы спорт залга барып, машыгууларына көз салып, байкап жүрдүм. 2018-жылы Нурбек Оросулбаевдин колунда машыга баштадым. Тынымсыз машыгуулар, мээнетибиздин акыбети кайтып ошол эле жылы Астана шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль утуп алдым. Бул медаль менин жашоомо чоң өзгөрүү жана чоң жоопкерчилик алып келди. Ушул жеңиштен кийин машыктыруучу тандоодо адашпаганымды аңдадым. 2019-жылы Нур-Султан шаарында болгон биринчиликте күмүш медалга ээ болдум. 

- Грэпплинг федерациясы айым спортчуларга өзгөчө көңүл бурса керек?

- Федерация үчүн бардык спортчулар бирдей. Кыз, эркек же чоң, кичүү деп бөлбөйт. Спортко берилген, машыгуунун майын чыгарган, жакшы натыйжа көрсөтө алган спортчуларды кош колдоп колдойт. 2018-жылы Грэпплинг федерациясы UWW макамын алгандан кийин тездик менен өнүгүү жолуна түштү. Кыргыз спортунда жаңылык жасап, аз убакытта чемпиондорду таптап чыгара алды. Көрсөткүчтөр мыкты болгону үчүн TOPSPORT.KG сайтынын тандоосу менен Кыргызстандын башкы спорттук окуясы эсептелген SPORTS AWARDS – 2019 салтанатында “Мыкты федерация” номинациясын жеңип алды. Мында акыркы 2 жылдан бери федерацияны жетектеп турган Тынчтык Сулаймановдун эмгеги зор. Федерация президентинин менин ийгиликтеримде да салымы чоң, ошондуктан ыраазычылыгымды айтып кетким келет.

- Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...

- Үй-бүлөдө 3 кишибиз: апам, агам жана мен. Агам экөөбүздү апам жалгыз эрезеге жеткирди. Күнү-түнү иштеп, балдарым деп жанын садага чаап койгонго да даяр эле. Апамдын эмгегин, ак сүтүн актасам дейм. Кесиби боюнча эсепчи экономист, жеке компанияда иштейт. Бексултан агам Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте окуйт.

- Али жашсың, максаттар тоодой болсо керек...

- Башкы тилегим – грэпплинг Олимпиада оюндарынын катарына кирсе экен дейм. Олимпиада оюндарында өлкөмдүн желегин желбиретким келет. Бул менин күнүгө түшүмө кирчү кыялым. Анан дагы кыз-келиндерди спортко тартсам деген максатым бар. Айымдар үчүн атайын грэпплинг залын ачып, ал жерден көптөгөн чемпиондор өсүп чыкса, менин спортко кошкон салымым көбүрөөк болмок. Ал эми жалпы эле спорттук карьерамда Лиана Джоджуанын ийгилигин кайталагым келет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2