AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Исманали Жороев: Элимден жардамымды аябайм

Эл арасында биз билбеген бычакка сап эр-азаматтар көп. Алар элинин жеңилин жерден, оорун колдон алып ар тараптан көмөк көрсөтүп, ошол эле учурда өлкөнүн өнүгүүсүнө да салымын кошуп келишет. Тестиер кезинен эмгекке бышып, анын арты менен иши арбып, жогорку кызматтарга чейин жетип, бир канча республикалык сыйлыктарга жана Өкмөт башчысынын ардак баракчасына татыктуу болуп, элине кызмат өтөп келе жаткан меценат Исманали Жороев менен маек курдук.

- Исманали Эгембердиевич. Меценаттык ишмердүүлүгүңүз качан башталды?

- Турмуштук жагдайлар себеп болуп, ата-энем эки жолго түшкөндөн кийин көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Бир туугандарым менен таенемдин колунда калып, ал кишинин пенсиясы менен чоңойдук. Бала кезден жашоодогу тоскоолдуктарга чалынып, бирок моюн сунбай, күрөшүп өстүк. Кыйынчылыкты көргөн, жокчулукту жон териси менен сезген адам жардам колун сунуу канчалык маанилүү экендигин туюп турат экен. Эң эле боз түлөк чагыбызда эмгектенип баштадык. Таман изибиз түшпөгөн кокту-колот, айыл-конуш калбай соода менен алектенип жүрдүк. Иштемчилдик жемишин берип, даражабыз жогорулады. Бир аз барчылыктын жыргалчылыгын көрө баштаганда, керек-жарактан ашканын колу жука үй-бүлөлөргө берип, жардам көрсөтө баштадык. Аз-аздан бөлүшүп отуруп, меценаттык ишке айланып кетти.

- Кичи мекениңизге көп жардам кыларыңызды угуп калдык...

- Колдон келишинче. Жакында эле окуу борбор курдук. Ал бизди эрезеге жеткирген таенемдин атына коюлуп, “Абдураим кызы Убадат” маданий-диний окуу борбору деп аталды. Азыр ал жерде кырктан ашык бала окуп жатат. Муфтият тарабынан бекитилген мугалимдер сабак берүүдө. Чет жакаларда жайгашкан аймактар мындай билим борборлоруна абдан муктаж. Бул да болсо биздин агартуу тармагына кошкон салымыбыз болуп калды.

Андан сырткары, баарыбызга белгилүү айыл жеринде тез жардам унаалары абдан эскирип же болбосо такыр жүрбөй калган. Тез жардам унаасынын элдин турмушундагы маанисин эске алып, Исфана шаары, Ак-Суу айыл өкмөтү жана Сүлүктүгө бирден тез жардам унаасын жеткирип бердик.

- Баткенде ичүүчү суу көйгөйү абдан курч маселе. Бул багытта да соопчулук иштерди кылганыңызды билебиз...

- Чындыгында, ичүүчү суудан кыйналган айылдар бар. Бир канча айылдарга таза суу чыгарып, элдин турмушун жеңилдеткен жайыбыз бар. Буюрса, суу чыгаруу багытындагы ишимди уланта берем.

- Учурда “Илек Строй Групп” курулуш компаниясын түптөп, ушул тармакта иш алып барасыз. Курулушка жол эмнеден башталды?

- Бардык нерсе кичинекей уюткудан башталат эмеспи. Айылда өзүбүздүн үйүбүздү салдым. Андан соң, бир туугандарыма үй курдук. Акырындык менен курулуштун сырларын үйрөнүп бардым. Айылдаштарымдын үйлөрүн салып жүрүп, бул тармакты ичинен абдан жакшы түшүнүп калдым. Бара-бара чоңураак курулуштарды тургузуп баштадык. Ошентип, соодадан курулушка жол улап кеттим.

- Сиздердин компания көбүнчө социалдык объекттерди курат экен...

- Ооба. Көбүнчө мамлекеттин буюртмасын аткарабыз. Буга чейин Лейлекте эки мектеп, эки бала бакча салдык. Бир канча мамлекеттик мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Учурда бир мектеп менен бир бала бакча курулуп жатат.

Азыр көбүнчө өзүм туулуп өскөн Баткенде иштеп атабыз. Анткени, өз элиңде жоопкерчилик чоңураак болот. Эч кандай кемчилик кетирбегенге жана сапаттуу курганга аракет кыласың. Курулуш материалдардын сапатына да өзгөчө көңүл бурабыз. Алгач Кыргызстандын экономикасына салым болсун үчүн өзүбүздөн чыккан материалдарды алабыз, бизде жокторун гана четтен ташып келебиз.

Анан дагы имараттарды куруп, тапшырып коюп эле кетип калмай жок бизде. Колдонууга берилгенден кийин дагы имараттын абалынан кабар алып турабыз.

- Айылга барган сайын өзүңүз тургузган курулуштарды көрүп, маанайыңыз көтөрүлүп, кылган ишиңизден ырахат алып калган учурлар болсо керек?

- Лейлекке кирип бара жаткан жолго чоң дарбаза (арка) курганбыз. Азыр ал жер өзүнчө көрүнүктүү, ажайып жайга айланды. Үйлөнүп жаткан жаштар да сөзсүз аркага келип, сүрөткө түшүп кетишет экен. Муну көрүп албетте кубанат экенсиң. “Бул имаратты менин атам курган” деп балдарың да сыймыктанып турса, не деген чоң бакыт. Айылга салып берген “Абдураим кызы Убадат” маданий-диний окуу борборунда окуп жаткан балдардын да сүрөттөрүн кээде жиберип калышат. Көрүп, көз кубанып жүрөк жылып калат.

- Сиздин бир канча жогорку кызматтарда да иштегениңизди да билебиз. Эмгек жолуңуз тууралуу айта кетсеңиз?

- Эмгек менен окууну бирдей алып кеттим. Алгач, Баткен Мамлекеттик университетинде окуп, тарых мугалими кесибине болдум. Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясында юриспруденция, КРдин Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында Мамлекеттик башкаруу багытында билим алдым. Азыр да башка багытта окууну улантып жатам. Алган билимди коомдун пайдасына иштетүү максатында 2006-жылы Ички иштер министрлигине инспектор болуп жумушка орноштум. Ал жерде 2 жыл иштегенден кийин Каржы полициясында эмгек жолумду уланттым. Мээнеттин акыбети кайтып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жетекчинин жардамчысы катары иштедим. Бул аралыкта Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнүн кеңешчиси кызматын аркаладым. 2015-жылы “Илек Строй групп” түзүлгөндөн кийин курулушка баш-отум менен кеттим. Бир эле максатым – элиме жардамым тийсе экен дейм. Элимден жардамымды аябайм.

- Меценат деген ким?

- Кудай пенделеринин арасынан тандап, айрымдарына дөөлөттү берет экен. Ал эми сага берилген байлыкты башкалар менен бөлүшүшүң керек.  Мына ушул киши – меценат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2