AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Гульсана Жумакадырова: Кесипти жана университетти жети өлчөп, бир кесип тандоо керек

Мектептеги акыркы жылдар – жогорку класстардын окуучулары үчүн абдан маанилүү. Ар бир мектеп бүтүрүүчүсү кесип тандоо маселесине кабылып, ЖРТ жана кирүү сынактарына даярданып башташат. Жаркын келечекке карай чыйыр жол жогорку окуу жайдан башталат эмеспи. Ошондуктан, кесип менен университетти туура тандоо – ийгиликтин ачкычы. Дал ушул максат менен көптөгөн абитуриенттер Борбордук Азиядагы Америка университетинин кирүү экзамендерине алдын-ала камдана башташат. БААУнун студенттерди тартуу жана кабыл алуу кеңсесинин жетекчиси Гульсана Жумакадырова абитуриенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

БААУга окууга кирүү процесстери тууралуу айтып берсеңиз?

Университетке кирүү жараяны 3 этап менен жүрөт: кирүү экзамендерине катталуу, экзамен тапшыруу жана кирүү үчүн керектүү документтерди чогултуу. Ал эми кирүү экзамендери дагы 3 бөлүктөн турат: англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу тест, дил баян жазуу жана математика боюнча тест тапшыруу. Абитуриенттер үчүн кирүү экзамендеринин биринчи айлампасы 2020-жылдын 23-февралында болот. Экзамен тапшырууга алдын-ала, 2020-жылдын 18-февралына чейин катталуу зарыл. Бишкек шаарында экзамен тапшырууга катталуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, 3х4 сүрөт жана катталуу төлөмүн төлөө керек. Экзаменге алдын-ала катталуу зарыл экендигин дагы бир жолу баса белгилеп кетейин. Кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган абитуриенттер университетке тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди бериши керек: паспорттун көчүрмөсү, аттестаттын көчүрмөсү, ЖРТ сертификаты, арткы планы ак түстө тартылган 3х4 үлгүсүндөгү эки сүрөт, мектептин бүтүрүүчүсү экениңизди тастыктоочу тактама кагаз жана мотивациялык кат.

БААУга окууга тапшырууга даярдоочу кыска мөөнөттүү курстар барбы?

Биздин кошумча билим берүү борборубузда окуучулар кирүү экзамендерине даярданса болот. Бул жерде окутууда катышуучулардын англис тилин билүү деңгээли эске алынат. Эгерде абитуриент англис тилин жакшы билбесе, БААУнун алдындагы даярдоочу программага, тактап айтканда, Жаңы муун академиясында окуса болот. Бул окуучуларды жогорку окуу жайга даярдоочу бир жылдык программа. Мисал келтирсек, 2018-жылы Жаңы муун академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн 81% БААУнун экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты.

Кирүү үчүн кайсы сабактардан экзамен тапшыруу зарыл? Кирүү упайлары тууралуу айта кетсеңиз?

Кирүү экзамендери 3 бөлүктөн турат: англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн тест, дил баян жана математика. Босого упайы абитуриенттин тандап алган факультетине жараша ар түрдүү.

TOEFL сертификаты бар абитуриенттер да англис тилинен тест тапшырышы керекпи?

Расмий стандартизацияланган экзамендердин жыйынтыгын биз кирүү сынагынын ордуна кабыл алабыз. Тактап айтканда, эгер абитуриенттин колунда TOEFL, IELTS, SAT, ACT расмий тести болсо, анда ал БААУнун кирүү экзамендеринен бошотулат. TOEFL же IELTS тестин англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестинин ордуна кабыл алсак, ал эми SAT же ACT (+essay) тесттерин математика жана дил баяндын ордуна алабыз. Белгилей кетсек, мектепти англис тилинде бүтүргөн абитуриенттер да TOEFL тестинин жыйынтыгы же БААУнун кирүү экзамендерин тапшырышат.

БААУда окугусу келгендер Бишкекте эле эмес аймактарда, кала берсе, кошуна өлкөлөрдө да бар. Алар кирүү экзамендерин кантип тапшырса болот?

Жыл сайын биздин кызматкерлер Кыргызстандын аймактарына жана кошуна өлкөлөргө барып, кирүү экзамендерин өткөрүп, алардын эрежелери жана каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип келишет. Аймактарда жана кошуна мамлекеттерде БААУга тапшырам дегендер арбын. Биздин кесипке багыттоочу иш-чараларга абитуриенттер эле эмес, алардын ата-энелери жана жергиликтүү мектептердин мугалимдери да катышып келет. Бул Бишкекке келе албаган окуучулар үчүн зор мүмкүнчүлүк. Региондордо жана кошуна өлкөлөрдө боло турчу иш-чаралар тууралуу Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дареги боюнча маалымат алууга болот.

ЖРТдан Алтын сертификат алгандарга кандай артыкчылыктар берилет?

Алтын сертификат ээлери кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган учурда акысыз окуй алышат. Мисалы, 2019-2020-академиялык жылдары биздин университетке 20 алтын сертификат ээлери тапшырышты. Борбордук Азиядагы Америка университетине жыл сайын Кыргызстандын же Борбордук Азиянын эле эмес, АКШ, Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Түркия, Бельгия, Орусия жана башка мамлекеттердин алдыңкы окуучулары тапшырып келет.

Каржылык колдоо боюнча маалымат бере кетсеңиз. Жеңилдик алуу үчүн кандай критерийлер каралган жана пайыздык чендери кандай?

БААУ академиялык жетишкендиктер жана абитуриенттин материалдык абалын эске алуу менен жеңилдиктерди берет. Керектүү документтерди берип, 40%га чейин каржылык колдоого ээ болууга мүмкүн. Андан сырткары, абитуриенттерге донордук колдоо да сунушталат. Каржылык жеңилдик алуу үчүн бардык керектүү документтер 2020-жылдын 19-апрелине чейин, биринчи айлампада же 21-июнга чейин экинчи айлампада тапшырылышы керек. Бул боюнча Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  дареги аркылуу кенен маалымат алууга болот.

Ошондой эле, Бизнести башкаруу, Экономика, Программалык камсыздоо жана Колдонмо математика факультеттерине кирем деген абитуриенттер USCAEF (Америка Борбордук Азия билим берүү фонду) стипендиялык программасына тапшырса болот. Ал үчүн керектүү документтерди 2020-жылдын 13-январына чейин берип, БААУда окуу үчүн грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо болот. Грант окуунун төлөмүн, күнүмдүк жана транспорттук чыгымдарды каптап, ай сайын стипендия төлөп берип турат. Бул программага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын абитуриенттери тапшырса болот. Финалисттерди тандоо сынактык негизде жүрөт. Бул боюнча Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. почтасына жазып, кенен маалымат алууга мүмкүн.

Абитуриенттерге каалоо-тилегиңиз?

Абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине кесипти жана университетти жети өлчөп, бир кесип тандашса деген тилегимди билдирем. Кирүү экзамендерине эртерээк даярдануу, университет жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу, кирүү эрежелери, факультеттер, жеңилдетүү алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сураштырып, университет тандоодо приоритетти туура коюу керектигин белгилеп өтөт элем. Окуу жай сунуштап жаткан билимдин сапаты ата-энелер үчүн да, абитуриенттер үчүн да биринчи орунда болушун каалайм.

Ошондой эле, учурдан пайдаланып окуучулар жана ата-энелерди 2020-жылдын 8-февралында өтө турчу БААУнун Ачык эшиктер күнүнө чакырып кетем. Бул күнү факультеттер жармаңкесине күбө болуп, профессордук-окутуучулук жамаат, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана БААУнун кызматкерлери менен жолугуп сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт жана сиздерди күн сайын кеңсебизден күтүп калабыз!

Алина Кожоева маектешти

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2