AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Айнура Сагынбаева: Медициналык туризмди өнүктүрүү багытында иштеп жатам

Айнура Сагынбаеванын ысымы сулуулук менен байланышкан. Каарманыбыз учурда Кыргызстанга пластикалык хирургиянын заманбап түрлөрүн алып келип, адистердин тажрыйбасын арттырып, Бишкектеги эң алдыңкы клиниканы жетектеп келет. 

- Саламатсызбы, Айнура айым. Жарнамалардан байкаганыбыздай, сиздин клиникада бир канча өнүгүүлөр орун алып, пластикалык хирургиянын жаңы түрлөрү пайда болуптур. Клиниканын азыркы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп сала кетсеңиз...

- Саламатчылык. Клиникада акыркы 2 жылда көп жаңылануулар бар. Ошого жараша кыйынчылыктар, жоготуулар дагы болду. Жоготуулар дегеним, биз мыкты адистерди өлкөбүздө кармай албай калдык, анткени Кыргызстандын мыйзамы буга жол бербейт экен. Учурда профессионалдуу адистерди даярдоону өз колубузга алдык. 

 Ал эми жакшы жаңылыктардан кеп салсам, клиникага эстетикалык гинекологияны алып келип, учурда бул багытта активдүү иштеп жатабыз. Пластикалык операциялардын жаңы түрлөрүн жасоодо биздин адистер чет өлкөлөргө окууга да барып келишти. Мисалы, ринопластика жасоодо жаңы ыкмаларды үйрөнүп, колдонуудабыз. Косметологияда дагы бир топ жылыштар бар. Клиниканын базасын чыңдап, жаңы аппаратураларды алдык. Пластикалык хирургдар клиниканын эсебинен 3 жолу эл аралык конгресстерге барып, жаңы багыттар боюнча башка мамлекеттердин адистери менен тажрыйба алмашып, билимин тереңдетип келишти. Мындан улам учурда мурда эле жасалып келген операциялар башкача, заманбап ыкмалар менен жасалып баштады. Ошол эле блефаропластиканын түрлөрүн жасап баштадык. Буга чейин операция жасаган кардарларыбызга дагы заманбап ыкма менен кайрадан жасап бердик. 

- Пластикалык операциялардын кайсы түрү Кыргызстанда көп жасалат? 

- Бизде көзгө кат чыгаруу, башкача айтканда блефаропластика көп жасалат. Бул операцияга болгон талап күч. Анткени баасы да арзан, натыйжалуулугу да жогору. Көп жасалганынын себеби Азиядагы сулуулук стандарттарына да байланыштуу. Анткени, биздин айымдар арасында “көзүң чоң болсо, демек сен сулуусуң” деген түшүнүк бар. Ошол үчүн операциянын дал ушул түрүнө суроо-талап күч жана көп жасалган операция эсептелет. 

- Пластикалык хирургия боюнча башка өлкөлөр менен атаандаштык барбы?

- Пластикалык хирургдарды бала чоңойткондой эле чоңойтобуз. Бул абдан чоң эмгекти талап кылат. Биздин клиникада ар кандай окутуулар тынбай жүрүп турат. Мен колдон келишинче, чет өлкөдөн тажрыйбалуу адистерди алып келип, хирургдарыбызга үлгү-сабактарды өткөрүп турууга басым жасайм. Клиникада пластикалык операциянын ар бир багыты боюнча өзүнчө адис эмгектенет. Бир эле хирург бир канча түрдүү операцияларды жасабайт. Бул жасалган операциянын сапатына көңүл буруу болуп эсептелет. Биздин клиниканын өзгөчөлүгү ушунда десем болот. Албетте, биз башка өлкөлөр менен атаандаша алабыз. 

- Чет өлкөдөн Кыргызстанга келип пластикалык операция жасаткандар көппү?

- Чет өлкөдө кардарларыбыз абдан көп. Жакында Германиядан келип операция жасатып кетишти. Андан сырткары, Италия, Түркия, Орусиядан келишет. Чет өлкөлүк кардарлардын санын мындан да көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. 

- Баалар боюнча сүйлөшсөк. Башка мамлекеттерге, мисалы кошуна Казакстанга караганда арзанбы же кымбатпы?

- Баалар албетте бизде 2-3 эсе арзан. Бирок, сапаты эң жакшы. Казакстандыктар дагы Кыргызстандын пластикалык хирургдарынын чеберчилигине баа беришет. Бул багытта өлкөбүздүн имиджи эң сонун, бирок дагы көтөрүшүбүз керек. Муну менен кошо медициналык туризмди өнүктүрүү пландарым бар. Бирок, бул жерде мамлекеттин жардамы абдан керек. Бул багытта аракет кылып жатам. 

- Коомчулуктун басымдуу бөлүгү пластикалык операция жасатууга каршы. Бул боюнча пикириңиз кандай?

- Негизи биздин коом туура эмес көрүнүштөрдү туура кабылдап, туура нерселерди туура эмес көрүшөт. Чынында көңүл бурула турган көрүнүштөр абдан көп. Ошол эле экология, коррупция. Пластикалык хирургия - бул элдин талабы. Бул дүйнө жүзүндө жасалып эле келе жаткан операциялар. Пластикалык хирургиянын жаман жактарын гана көрбөй, жакшы жактарын дагы эске алсак. Мисалы, денедеги кемчиликтерди түздөө, ошол эле тырыктарды кетирүү, чач өстүрүү, төшү кичинекей аялдардын көкүрөгүн чоңойтуп алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, психологиялык жактан да жардам берип келебиз. 

- Жакында эле “Beauty party” сулуулук иш-чарасын өткөрдүңүз. Жыйынтыктар кандай?

- Бул иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул биздин клиниканын жыл сайын өткөрө турган иш-чарасы. Былтыркыга караганда быйыл 100 кишиге көп келди жана өнөктөштөр абдан көп болду. Буюрса, эмдиги жылы кетирилген кемчиликтерди эске алып, мындан да жогорку деңгээлде өткөрүү пландарыбыз бар.

- Алдыда пландар көп болсо керек...

- Пландар көп. Негизги планым иштөө, иштөө жана иштөө. Клиниканы кеңейтип, кулачыбызды кененирээк жайсак деп аракет кылып жатам. Буга бир мисал, жакында Ошто филиалыбыз ачылып жатат. Илгери үмүт менен иштей беребиз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2