2024-10-14
Долбоорлор
“SPORTS AWARDS” спортчуларды сыйлоо салтанаты
“Sports awards” спортчуларды сыйлоо салтанаты алгач ирет 2014-жылы уюштурулган. 4 жыл катары менен Кыргызстандын алдыңкы спортчуларынын катышуусунда жогорку деңгээлде белгиленип келүүдө.
2018-жылы иш-чара Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу астында өттү. Биринчи жолу спорт тармагында бирдиктүү борборлошкон сыйлоо салтанаты болду.
Жеңүүчүлөр эки баскыч менен аныкталат. Алгач интернет добуш берүү аркылуу. Мында 30 упай ойнотулуп, 1-орунга 15, 2-орунга 10 жана 3-орунга 5 упай ыйгарылат. Андан соң беш кишиден турган эксперттик комиссия да өз добушун берип, ар бир комиссия мүчөсү талапкерлерди 1-орундан 3-орунга чейин жайгаштырат. Мында 1-орунга 6, 2-орунга 4 жана 3-орунга 2 упай берилет. Аягында упайлар кошулуп, эң көп упайга ээ болгон талапкерди жеңүүчү деп жарыялоо каралган.
Долбоордун автору – Динара Орозбаева