2024-12-21
iPhone 8 эң зыяндуу смартфон экендиги аныкталды
АКШнын атайын текшерүү ишканасы Samsung жана Apple компаниялары чыгарып жаткан гаджеттердин зыяндуулугун текшерип, көз карандысыз изилдөө жүргүздү.
Анын жыйынтыгы эки компания чыгарган смартфондордун нурлануусу чегинен ашып кеткенин көрсөттү. Буга байланыштуу FeganScott юридикалык компаниясы “колдонуучулардын ден соолугуна тийгизген зыяны үчүн” өндүрүүчүлөрдү сотко бермей болду. FeganScott компаниясынын улук менеджери Бет Феган компаниялардын өкүлдөрү жоопко тартылышы керектигин билдирди.
Тагыраак айтканда, iPhone 7 Plus, iPhone 8 жана iPhone XR, ошондой эле Samsung Galaxy S8, Galaxy S9 жана Galaxy S10 үлгүсүндөгү смартфондордун нурлануусу чегинен ашып, ал эми iPhone 8 смартфонунун нурлануусу нормадан 5 эсеге көп экендиги аныкталды.
Өндүрүүчүлөр смартфондордун зыяны жок экендигин айтышууда. Бирок, көз карандысыз өлчөөчү приборлор радиожыштык нурлануу деңгээли өтө эле бийик экендигин көрсөтүүдө.