AUCA the best 2

2024-04-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди

Бишкекте Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата эл аралык конференция өттү. Иш-чара быйыл бешинчи ирет өтүп жатат.

Конференцияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-президент Роза Отунбаева, БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев, Өзбекстан, Казакстан, Тажистан мамлекеттеринин жана жергиликтүү ишкер айымдар катышты.

Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү. Абылгазиев өлкөдө экономиканын басымдуу бөлүгүнө салым кошкон аялдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын кошумчалады.

Ал эми БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев билим берүүнү айымдарсыз элестетүү мүмкүн эместигин айтат.  Учурда Кыргызстанда жеке мектептер, бала бакчалардын ачылышында аялдар чоң роль ойноп, билим берүүнүн сапатын жакшыртууда ишкер айымдардын ролу эбегейсиз, - деди Шамшиев. Андан сырткары, эл аралык жана жергиликтүү билим сынактарында, Жалпы республикалык тестирлөөдө кыздар эң жакшы жыйынтыктарга жетишип жатканын билдирди.

Бүгүнкү күнү республикада айымдар үзүрлүү иштеген бир нече кластер динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, тигүү тармагында иштеген айымдар 90% түзүшөт. Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканалары. Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин дээрлик 90%ын аялдар түзөт. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70% аялдарга таандык. Айыл чарбасында  5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан ишканалар.

Эскерте кетсек, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2