2024-12-27
Студенттер бош убактысында ишкерлик менен алектенсе болот
Орусиянын каржы министри Антон Силуанов студенттерди бош убакытта ишкерлик менен алектенүүгө чакырды.
“Мисалы, Орусияда жарандардын 2-3 пайызы гана ишкерчиликке кызыгат. Мен силерге окуудан сырткары ишкерлик менен алектенүүнөргө кеңеш берет элем. Эгерде окуудагы жетишкендиктерге терс таасирин тийгизбесе, ар бириңер ишкерликке кызыгын көргүлө..”, - деди Силуанов.
Анын айтымында, студенттер чакан ишкерлик менен алектенсе ылайыктуу. “Эгер баштаган ишке чыгармачыл көз караш менен мамиле кыла турган болсоңор, анда баары жакшы болот”, - деди Силуанов.