AUCA the best 2

2025-03-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Табигый шоколад жана зыяндуу кошулмаларсыз таттуулар – бул жөн гана тренд эмес, а философия. Кыргызстанда да сапаттуу таттууларды өндүргөн өндүрүүчүлөр аз эмес. Алардын сап башында “Конфетто” бренди турат. Бул бренддин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова таза шоколаддын сыры жана табигый таттууларды өндүрүүнүн өзгөчө технологиясы тууралуу айтып берди.

Табигый таттууларды өндүрүү идеясы качан жаралды?

- Буга чейин чет өлкөдө жашап, ал жакта кондитердик таттууларды импорттоо менен алектенгенбиз. Мекенге кайтып келип, ата мекендик таттууларды жана шоколад өндүрүү тармагы анча өнүгө элек экендигин көрдүк. Мындан улам биздин рынокто сынап көрүү үчүн таттуу чыгаруучу барабандарды ишке киргиздик.

- Ишкердиктин башаты тууралуу айтып берсеңиз?

- Биз ишкердикти түстүү глазурь менен капталган шоколаддуу жер жаңгакты өндүрүү менен баштаганбыз.

- Эмне үчүн табийгый ингредиенттерге басым жасап жатасыздар?

- Биздин продукция балдар үчүн жасалгандыктан, сапат жана табигый ингредиенттер жана кошулмалар биринчи орунда.

- Таттуулардын кайсыл түрлөрүн өндүрүп жатасыздар?

- Учурда шоколаддуу драже жана рахат лукум өндүрүп жатабыз.

- Жаңы рецепттерди кантип иштеп чыгасыздар?

- Жаңы рецепттерди технологдор менен бирге иштеп чыгабыз, өзүбүздүн азыктарды сөзсүз түрдө кошобуз (карагат, дан куурай, чычырканак).

- Дагы кандай өзгөчө азыктар кошулат?

- Биз шоколадды өндүрүүдө какао майын Малайзиядан алып келебиз. Ал эми жаңгак, крахмал жана кумшекерди ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алабыз. Муну мекенге болгон салымыбыз деп эсептейм. Ошондой эле лукум өндүрүүдө чийки азыктарды Түркиядан алабыз.

- Таттуулардын сапатына кандай кепилдик бар?

- Оригиналдуу рецепттерди жана мыкты технологияны колдонобуз, бул биздин таттуулардын сапатына эң жакшы кепилдик бере алат. Башка өндүрүүчүлөр менен тажрыйба алмашып, рынокту мониторинг кылып турабыз.

- Өндүрүштөгү эң татаал процесс кайсы?

- Жаңгакты сорттоо жана таңгактоо.

- Көбүнчө кимдер сатып алат?

- Биздин негизги аудиториябыз - В2В сектору.

- Кайсы таттууларды көп сатып алышат?

- Карагат жана жаңгак кошулган шоколаддуу драже жана лукум.

- Башка кайсы өлкөлөр менен кызматташып жатасыздар?

- Учурда биздин таттуулар Орусия жана Казакстандын базарында сатылып жатат. Алдыда ассортиментти кеңейтип, ата мекендик продукцияны жарнамалап, экспорттук дараметти өстүрүүнүн аракетиндебиз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2