AUCA the best 2

2025-03-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

“Приоритет” мектебинин жана балдар бакчасынын негиздөөчүсү Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги, окутуунун өзгөчө усулдары жана жеке менчик мектеп ачууда эмнелерге көңүл буруу керектиги жөнүндө кеп курду.

 

- Жеке менчик мектеп жана балдар бакчасын ачууга эмне түрткү болду эле?

- Балалуу болгонумдан кийин, жакшы мектеп издеп, европалык билим берүү усулдары менен окуткан мектеп таппай койдум. Анан өзүм каалаган окутуу усулдарын колдонгон мектеп ачууну чечтим.

- Башында кандай кыйынчылыктар болду?

- Башында тажрыйбанын жоктугу, каражаттын аздыгы жана билим берүү системасынын татаалдыгы бир топ кыйынчылыктарды жараткан.

- Сиздин мектеп/бала бакча мамлекеттик билим берүү мекемелеринен эмнеси менен айырмаланат?

- Биздин мектептер мамлекеттик мектептерден жеке жана комплекстүү өнүктүрүү программасы менен айырмаланат. Башкача айтканда, биз балдарга салттуу гана билим бербестен, өзү кызыккан же жетишпей жаткан сабактардан кошумча сааттарды алып, үй тапшырмаларын аткарып, дене тарбия, чыгармачылык жактан өнүгө алат. Андан сырткары үч маал ысык тамак ичип, медициналык жардам алып, психологдун камкордугунда болушат. Биз балдарды комплекстүү өнүктүрүүгө басым жасайбыз.

- “Приоритет” билим берүү жана тарбиялоо мекемелеринин баалуулуктары жана миссиясы кандай?

- Бактылуулук бизден башталат, бул биздин негизги миссиябыз. Бизге баланын жашоосунун ар бир этабы маанилүү. Анын сүйүүгө тоюшу, өзүн бактылуу сезиши, урмат-сый менен өмүр кечириши да көз жаздымда калбайт. Анткени мунун баары - анын ийгиликтүү келечегинин пайдубалы.

- Окутуу усулдары тууралуу айта кетсеңиз?

- Биз толугу менен Билим берүү жана илим министрлигинин программасынын негизинде иштейбиз. Андан сырткары вальдорфдук жана гумандуулук педагогиканы да колдонобуз. Башкача айтканда, биз бир нече окутуу усулдарын айкалыштырганбыз.

- Мугалимдерди кантип тандайсыз?

- Бул менин жеке жоопкерчилигимдеги иш. Педагогикалык эле эмес, техникалык курам да мен үчүн абдан маанилүү. Эң биринчи кесипкөйлүк менен тажрыйбага карайм. Андан сырткары балдарга жана кесипке болгон сүйүү да чоң роль ойнойт. Башкача айтканда, мугалим балдарды жана өзүнүн кесибин абдан сүйгөн адис болушу керек. Анткени бул балдардын билим сапатына таасирин тийгизет.  

- Кайсы сабактарга өзгөчө көңүл бурулат?

- Математика жана англис тили.

- Кандай ийримдер бар?

- Бизде 12ден ашык акысыз ийрим уюштурулган, негизгилерин айтайын: каржылык сабаттуулук, арт-терапия, спорт, чыгармачылык, хореография, профессионалдык футбол, каалоочулар үчүн кулинардык мастер-класстар бар. Андан сырткары кыргыз тили, англис тили, математика, орус тили ийримдери иштейт.

- Окуучулар академиялык билимден сырткары кандай көндүмдөрдү үйрөнүшөт?

- Бизде hard skills эле эмес, soft skills да сөзсүз үйрөтүлөт, мисалы: баарлашуу, өзүн тааныштыруу сыяктуу көндүмдөргө көңүл бурулат. Ошондой эле театралдык искусство, оратордук чеберчилик боюнча ийримдер бар, баары бекер. Балдар сахнада көп иштешет. Биз окуучулардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүдө түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Анткени бул баланын келечеги үчүн абдан маанилүү. Андан сырткары дебат клубу да бар: бул клубдун жыйынтыктары абдан жакшы.

- Ата-энелер менен кандай байланыштасыздар?

- Ата-энелер менен тыгыз иштешебиз. Жок эле дегенде ата-эне баланын окуудагы ийгиликтери, жүрүм-туруму боюнча маалымат алып турушу керек. Жеке жана жалпы чогулуштар байма-бай өтүп турат, андан сырткары үч тараптуу конференциялар болот: бала, ата-эне жана педагогдун чогулушу. Ата-энелер менен дайыма онлайн байланыштабыз, алар балдарынын мектепте же бала бакчада эмне кылып жатканын сүрөт жана видео аркылуу көрүп турушат.  

- Сиздерде мектепке даярдык барбы?

- Бала бакчанын базасында мектепке даярдоо бар. Биз бул багытта да алгылыктуу иш алып барабыз, муну тестирлөөнүн жогорку жыйынтыктары тастыктап турат.  

- Жеке мектеп жана бала бакчаны башкаруудагы эң кыйыны эмне?

- Башкаруудагы эн кыйыны – системаны түзүү, жамаат менен иштөө. Биз регламентти жыл сайын жакштыртып барабыз. Мектеп да, бала бакча да тирүү организмдей иштейт -  ата-энелер, жамаат жана балдар менен бир калыпта мамиле куруу, алар менен тил табышуу бир топ кыйынчылык жаратат десем жаңылышпайм. Нюанстары абдан көп. Катуу колдук менен жумшактыкты, татаалдык менен жөнөкөйлүктү айкалыштырганда гана башкаруунун формуласы келип чыгат.  

- Бул бизнести ийгиликтүү алып кетүүдө кандай принцип, стратегияларды карманасыз?

- Принциптер көп, алардын экөөсүн баса белгилеп көрсөткүм келет: биринчиси – бул кайсы иш болбосун аягына чыгаруу жана дисциплина. Бардык нерсенин логикасы жана жыйынтыгы болушу зарыл. Экинчиси – туруктуу өнүгүү: негизгиси бир жерде туруп калбаш керек. Жакшы натыйжа көрсөткөн усулдар, ыкмаларды калтырып, жыл сайын жаңы көндүмдөрдү кошуп турууга аракет кылабыз. Башкача айтканда, вертикалдуу гана эмес, горизонталдуу да өнүгүү талабы бар.

- Билим берүү мекемелеринин репутациясын кантип кармайсыз жана окуучуларды кантип тартасыз?

- Жаңы окуучуларды тартуу жана репутацияны кармоо сапаттан гана көз каранды. Эң негизгиси сапаттуу билим, сапаттуу тарбия.

- Жакынкы келечекке кандай пландарды койгонсуз?

- Жыл сайын кеңейүүгө, натыйжалуулукту жогорулатууга аракет кылып келебиз. Биздин бала бакча жана мектепти Кыргызстандын аймактарында жана башка мамлекеттерге ачуу - приоритеттүү пландардын бири.

- Балдар менен иштөөдө эмне маанилүү?

- Кесипкөйлүк жана сүйүү.

- Билим берүү мекемесин башкаруу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

- Адамдар менен тил табыша билүү жана жакшы кризис менеджер болуу зарыл.

- Бул багытта бизнес кылам дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Бул абдан перспективдүү, кызыктуу, эң негизгиси маанилүү иш. Себеби биз жаңы муунду тарбиялоо менен келечекти түптөйбүз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2