2025-03-09
VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью
Сулуулук жана териге кам көрүү дүйнөсүндө кореялык кам көрүүчү косметикасынын орду өзгөчө, ал кыргызстандыктардын да жүрөгүн багындыра алды. Кыргызстанга Кореянын кам көрүүчү косметикасын алгачкылардан болуп алып келген, бул багытта жеке брендин түптөгөн, VIYA COSMETICS дүкөнүнүн негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен маектештик.
- Кореялык кам көрүүчү косметика дүкөнүн качан, кантип ачып калдыңыз?
- 2001-жылы Кореяга барып калдым. Ошондо бул өлкөнүн өзү эле эмес, эли да өтө таң калтырды. Алардын өзүнө кам көрүшү, өзүнө көңүл бөлүшү, терисинин жана чачтарынын жалтырап турушу мени абдан таасирлентти.
Мен ушул сулуулукту Кыргызстанга алып келүүнү чечтим. Биздин айымдар табияттан абдан сулуу эмеспи, алар да өз чырайына кам көрүп, ого бетер ажары ачылса деген максатымды ишке ашырып жатам.
- Башында кандай кыйынчылыктар болду? Аларды кантип жеңдиңиз?
- Албетте кыйынчылык болбой койбойт. Мен баштаган жылдарда Кыргызстанда Кореянын кам көрүүчү косметикасы абдан аз болчу. Андыктан ар бир продукт жөнүндө айтып берип, анын пайдасын жана колдонуу жолдорун түшүндүрүү керек болду. Баары эле адаттан тыш жасалган таңгагына таң калып жатышты, бирок мага “Цветочки после ягод” сериясы абдан жардам берди. Гу Жун Пё кыргызстандыктарды кореялыктардын кам көрүүчү косметикасына болгон кызыгуусун арттырды.
Мен Кореяда 12 жыл жашаганым үчүн алардын маданиятын, кам көрүүчү косметикага болгон мамилесин, продукттардын сапатын жана натыйжалуулугун жакшы билем. Бул мендеги артыкчылык болду.
- Кыргызстандыктардын сүйүктүү бренди барбы?
- Бул суроого бир беткей жооп берүү кыйын. Ар бир адам өзүнө жараша тандайт, мында көп критерий бар. Биздин дүкөндөн кам көрүүчү косметиканын бардык түрүн табууга мүмкүн.
- Учурда кайсы кам көрүүчү продукттар трендде?
- Тренддеги продукттар абдан көп, жылдар бою трендден түшпөй келаткандары да бар. Кореяда бул багытта атаандаштык абдан күч болгондуктан, күн сайын жаңылануулар болуп турат.
- VIYA COSMETICS дүкөнүнө кам көрүүчү косметиканы кандай критерийлер менен тандап аласыз?
- Ар бир продуктту өзүм, дүкөндүн кызматкерлери, жакындарым болуп колдонуп көрөбүз. Үйүмдөгү текчелерим бүт кам көрүүчү косметиканын үлгүлөрүнө толуп кеткен. Эгер жакшы натыйжа көрсөм гана алып келем.
- Сүйүктүү брендиңиз кайсы?
- “Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө” дейт эмеспи. Алгач өзүмдүн жеке брендим – VIYA кам көрүүчү косметикасын баса белгилеп айта алам. А бирок бир гана косметиканы колдонуп жүрө бербейм, жогоруда айтканымдай, өндүрүшчүлөр берген бардык косметиканы алгач өзүм колдонуп көрөм.
- Кореянын кам көрүүчү косметикасын көбүнчө ким сатып алат – жаштарбы же улуу муунбу?
- Баары – улуу муун да, жаштар да, жадагалса эркектер да. Бул абдан кубандырат.
- Кардарларыңыз көбүнчө кандай көйгөй менен кайрылышат?
- Негизинен беттеги пигменттик тактар, теринин кургактыгы жана какач.
- Акыркы жылдарда кардарлар көбүрөөк эмнеге көңүл бура баштады?
- Мурда крем жана шампунь менен чектелишсе, азыр өздөрүнүн терисинин тибине жараша кам көрүүчү косметиканы толук алып калышты.
- Башка дүкөндөр менен атаандаштык жагы кандай?
- Чынын айтсам, эч кандай. Мен аларды атаандаш катары көрбөйм. Ар бир дүкөндүн өзүнүн кардары бар. Мен жөн гана өзүмдүн жумушумду жакшы көрөм.
- Ишкердикти илгерилетүүдө кандайдыр бир сырларыңыз барбы?
- Ийгиликтүү ишкердиктин эч кандай сыры жок. Болгону бизнес өнөктөштөр жана кардарлар менен чынчыл мамиле түзүү керек.
- Кореянын кам көрүүчү косметикасын колдонууда кандай катачылыктарды кетиришет?
- Көпчүлүк бир эле крем бардык тери көйгөйлөрүнөн арылтып, дароо натыйжа берет деп ойлошот (бул башка продукттарга да тиешелүү). Туруктуулук керек, ал үчүн кайсы бир серияны колдонуп көрүү абзел. Айрымдар кышында күндөн коргоочу кремдин кереги жок деп эсептешет, бирок кышта да күн чыгат го. Чачка кам көрүүдө кеңири тараган катачылык: бальзамды баштын терисине да сүйкөшөт, бальзамды чачтын өзүнө гана сүртүү кажет. Адамдар люкс косметика гана сапаттуу жана жакшы натыйжа берет деп адашат, бул миф. Өзүм эң арзан косметикадан баштап, люкс серияларга чейин колдонуп көргөм: ишенип койгула, кымбат – демек сапаттуу деген түшүнүк жок; арзан болсо эле натыйжа бербейт деп да ойлобош керек.
- Кам көрүүчү косметика дүкөнүн ачуу максаты барларга кандай кеңеш берет элеңиз?
- 1) бул бизнести “башкалар деле кылып жатат го” деген ойдо баштабаш керек;
2) бул бизнес оңой эмес, ага чексиз сүйүү керек;
3) сатууга косметиканы өзүңөргө алып жаткандай тандагыла.