AUCA the best 2

2024-04-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

ORO JEWELRY EXPO – зер буюм күйөрмандары үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк

9-13-декабрь күндөрү Бишкекте “ORO JEWELRY EXPO 2023” зер буюмдардын II эл аралык көргөзмөсү өтөт. Ага дүйнөлүк бренддер катышып, баалуу металлдардан жасалган 3 миңден ашык асыл жана жарым асыл, табигый таштар менен жасалган зер буюмдар, нике шакектери, зергерлик сааттар, ашкана буюмдары жана баалуу металлдардан жасалган идиштер, жогорку көркөмдүктөгү интерьер буюмдары, костюмдук зер буюмдар көрсөтүлөт.

Көргөзмөнү “ORO Multibrand Jewelry” - Кыргызстандагы биринчи премиум мультибренддик дүкөндөр тармагы уюштуруп жатат. Анын негиздөөчүсү Айгүл Дюшебаеванын айтымында, көргөзмө айымдардын жаратылышта сейрек кездешкен асыл таштардын энергиясын сезип, боюна сиңирип, жаңы жылдык маанайын көтөрүү максатын көздөйт.

“Бул көргөзмөнүн негизги философиясы – жаңы жылды утурлай айымдарга жагымдуу жагдайда жогорку маанай тартуулоо. Анткени, бүгүнкү күндө аялдардын түйшүгү абдан оор экени баарыбызга маалым. Ар бир айым жаш курагына, статусуна, социалдык абалына карабай асыл таш, баалуу металлдардын күйөрманы болот эмеспи. Бул көргөзмөдө айымдар дүйнөлүк зер бренддери менен эч кандай ортомчусуз түз байланышып, табитине жана капчыгына ылайык буюмдарды ала алат. Кала берсе, мырзалардын да жаңы жылдык белек тандоодогу мүшкүлү жеңилдейт. Аларга өндүрүүчүлөр өздөрү жеке кеңешин беришет. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, көргөзмөдө бардык зер буюмдар өз баасында сатылат. Ошондуктан, “ORO JEWELRY EXPO 2023” - бул уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - дейт Дюшебаева.

“ORO JEWELRY EXPO 2023” көргөзмөсүндө Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, Kabarovsky жана башка дүйнөлүк бренддердин зер буюмдары өз баасында сатылат.

“Биздин компания дүйнөлүк бренддер менен кыргызстандыктардын ортосунда көпүрө болуп жатат. Алар сатып алуучулар менен түз сүйлөшүп, кеп-кеңешин берип, алдын-ала буюртмаларды да кабыл алышат. Жакынкы келечекте иштешүү келишимин түзүү мүмкүнчүлүктөрү да бар. Андан сырткары, көргөзмөнүн алкагында түрдүү презентациялар, айымдар үчүн семинарлар болот. Биринчи семинарды Гүлзат Майчинова өткөрөт”, - деп билдирди Айгүл Дюшебаева.

Эскерте кетсек, көргөзмөгө 8 өлкөнүн: Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Россия, Австралия, Түркия жана Тибеттин зергердик компаниялары катышат. Мында Кыргызстандын жана Казакстандын эмгек сиңирген зергерлери, усталары жана эл аралык зергерчилик тармагынын өкүлдөрү чогулат.

Иш-чаранын расмий өнөктөшү “Premio” компаниясы - премиум сапаттагы эркектердин кийими.

Көргөзмөнүн убактысы: 9-13-декабрь саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

Расмий ачылыш аземи 2023-жылдын 9-декабрында саат 11:00дө болот.

Өтүүчү жери: Бишкек шаары, “Орион” мейманканасы, Эркиндик бульвары, 21

Көргөзмө КРдин соода-өнөр жай палатасы, КРдин Америкалык соода палатасынын расмий колдоосу менен өтөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номурга байланышыңыз: +996 709 56 77 47,

e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2