AUCA the best 2

2025-10-31

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Төрөбаев: Аялдардын ишкердиги – бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл

Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасында билдирди.



Иш-чаранын жүрүшүндө Төрөбаев бул сыяктуу иш-чаралар аялдар үчүн жумуш ордун көбөйтүүгө жана улуттук экономиканын кирешесинин жогорулатууга түрткү берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп белгиледи.

«Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Бүгүнкү иш-чара бардык аялдар үчүн адилеттүү жана коопсуз коомго карай кадам болсун», - деди ал.

Белгилей кетсек, EXPOго Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 273 адам катышты. EXPOнун расмий программасынын алкагында ишкер айымдар шыктандыруучу окуялары менен бөлүшүп, кызыктуу мастер-класстарга катышып, ал эми 12 ишкер айым инвесторлор тобуна өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштап, бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн инвестиция тартуу боюнча бизнес жолугушууларга катышты. Эки финалист Кыргыз Республикасынын атынан чыгып, 2024-жылдын июнь айында Стамбулда өтүүчү аймактык EXPO Capital Quest көргөзмөсүндө эл аралык инвесторлордун кеңири аудиториясына өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.



Маалымат үчүн: «EXPO Аялдардын ишкердиги» – бул Кыргыз Республикасында үчүнчү жыл катары менен өтүп жаткан иш-чара жана ар кайсы аймактардагы жана экономика тармактарындагы ишкер аялдардын башын бириктирет. Иш-чараны Кыргыз Республикасынындагы «БУУнун Аялдар» түзүмү өкмөттүн, эл аралык, каржы секторунун өкүлдөрү менен, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Accelerate Prosperity өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз кызматташтыкта уюштурган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2