2024-12-23
Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушту
Бишкекте Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушуу өткөрүп, жаңы стартаптар, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлор, жаңы билим берүү платформаларын түзүү, кыргыздын кол өнөрчүлүк мурасын сактоо жана анын санариптик трансформациясы, экологиялык демилгелерди талкуулашты.
"Ийгиликтүү ишкер аялдар менен жолугушуу өткөрдүм. Алар балдарды тарбиялоо менен гана чектелбестен, биздин экономикага чоң салым кошушат. Мен бул айымдарды ишкердиктин алтын фонду деп атасам жарашат. Алар чоң чыгармачылыкты көрсөтүшөт, ар дайым жаңы багыттарды ачышат жана бизнестеги эң татаал тармактарды колго алышат", - деп жазат Сариев Фейсбук баракчасында.